• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы: Коммерциялык банктар аймактарды өнүктүрүүгө активдүү катышуусуна чакырам

5

👁 865

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 7-июнда коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиевдин айтымында, аймактарды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул процессте коммерциялык банктар жана финансылык уюмдар маанилүү роль ойношу керек. Дал ушул кредиттик ресурстар жаңы ишканалардын ачылышына, жумушчу орундардын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондуктан банктар тарабынан жүргүзүлүп жаткан кредит берүү саясаты аймактарга да багытталышы кажет.

Өкмөт башчы Аймактарды өнүктүрүү концепциясы алкагында ирригациялык тутумдарга жана ичүүчү таза суу менен камсыздоого басым жасалаарын белгиледи.
«Учурда банктардын кредиттик ресурстары негизинен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда топтолгондугу байкалат. Ал эми региондордо абал башкача. Биз үстүбүздөгү жылдан тарта аймактарды өнүктүрүүдөгү келечектеги тутумдук өзгөртүүлөр үчүн негиз салышыбыз керек жана жер-жерлерде ишкерлер үчүн насыяга жеткиликтүүлүктү камсыздообуз зарыл. Алардын арзан жана узак мөөнөттүү акча каражатын алууга мүмкүнчүлүгү болуусу керек. Буга байланыштуу Өкмөт коммерциялык банктарды 20 өнүгүү борборунун алкагындагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырат»,- деди Абылгазиев.

Өз кезегинде коммерциялык банктардын өкүлдөрү көптөгөн мамлекеттик программаларга катышууга, аймактардагы ишкерлерди колдоого жана мамлекетти өнүктүрүүдөгү негизги артыкчылыктардын бири саналган адамдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Премьер-министр коммерциялык банктарга аймактардагы баш кеңсесин ачууда салык жеңилдиктерин берүү аркылуу өбөлгөлөө чаралары карала турганын кошумчалады.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости