Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн жаңы курамына Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңеши тарабынан чоң ишеним көрсөтүлдү, буга байланыштуу коомдун көйгөйлүү маселелерин эске алуу менен биринчи кезектеги милдеттенмелерди ыкчам ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын баса белигиледи.
Өкмөт башчынын айтымында, аймактык өнүктүрүүгө, айыл чарба тармагына, энерготутумду реформалоого, социалдык өнүктүрүүгө жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишине алдыңкы санариптик технологияларды киргизүүгө артыкчылыктуу маани берилет.
Ошондой эле анын айтымында, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин чечимине ылайык, «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна жана «Акылдуу шаар» долбоору сыяктуу заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек.
Буга катар Өкмөт башчы өлкөгө тартылып жаткан инвестициялардын тийиштүү коргоого алынышын камсыздоо жана чет элдик инвесторлор үчүн максималдуу түрдө жагымдуу шарттарды түзүүнүн зарылдыгына токтолду.
Мындан тышкары, Премьер-министр атамекендик фермерлерди жана дыйкандарды колдоого алуу жана айыл чарба продукциясынын тийиштүү сапатын жана көлөмүн камсыздоо аркылуу экспортко багытталган экономиканы уюштуруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бир ирет министрлик жана ведомство жетекчилеринин ачык-айкын иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгилеп, аларды активдүү жана натыйжалуу ишке чакырды.