• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы: Ипотекалык насыялоонун жылдык үстөгүн 6%га чейин кыскартууну кароо зарыл

zemelnoe-pravo02

👁 527

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, 6-июнда, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын ишмердиги тууралуу кеңешме өткөрдү.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев Өкмөт башчыга «Жеткиликтүү турак жай 2015−2020» программасынын алкагында турак жай менен 3,43 млрд сомдон ашуун суммага 3118 үй-бүлө камсыздалганы тууралуу маалымдады.

«Кыймылсыз мүлк сатып алууга насыя берүү менен катар компания тарабынан Нарын жана Бишкек шаарларында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүргүзүлүүдө. Курулушу аяктаган соң батирлерди андан кийинки сатып алуу менен 15 жылга чейинки мөөнөткө узак мөөнөттүү ижарага берүү каралууда», – деди ал.

Анын айтымында, ипотекалык насыялоонун негизги каржы булагы – өлкөнүн Өкмөтүнүн чечими менен берилген 2,8 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда болуп саналат.

«МИК» ААКнын насыя боюнча төмөнкү чени жылдык 8–10%ды түзөт. Көрсөтүлгөн сумма бюджеттик ссуданын 2% чен менен берилишинен түзүлгөн, коммерциялык банктардын кызматтары 4%, МИК операциялык чыгымдары – 2% түзөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев «МИК» ААКнын жетекчилиги жана коммерциялык банктар социалдык багытталган долбоорлордон акча таап жатышканына нааразычылык билдирди.

«Биздин жарандарыбыз эмгек акысынын жарымын насыя үчүн берүүгө мажбур болушууда. Алардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн карызга акча алып жатышат. Ошол эле учурда бул долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө тийиш жактар киреше тууралуу гана ойлоп отурушат. Буга жол бербешибиз кажет. Биз бюджеттен акчаны коммерциялык банктардын кирешесин өстүрүү жана ипотекалык компаниянын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн бөлгөн жокпуз», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Кеңешменин жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев ипотекалык насыялоонун жылдык үстөгүн 6%га чейин кыскартуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

««Жеткиликтүү турак жай 2015−2020» программасы өз аталышына татыктуу болушу керек. Азыркы шарттар социалдык тармактагы жумушчулардын жана мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү үчүн туура келбейт. Ипотекалык насыялоонун шарттарын жакшыртуу Өкмөттүн алдында турган башкы милдеттеринин бири», – деп жыйынтыктады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы калкты ипотекалык программанын шарттары тууралуу маалымдоо жана республика боюнча анын катышуучуларын кеңейтүү иштерин улантууну тапшырды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости