Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын өлкөнүн ири инвесторлору менен өз ара аракеттенүү маселесин талкуулады.
Жолугушууга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таиров катышты.
Анда өкмөт башчы ири инвесторлорду тартуу үчүн бардык шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи. Бул багытта укук коргоо органдары экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүп, ишкер чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирбеши зарылдыгын кошумчалады.
Муну менен катар, ири инвесторлорго карата кылмыш иштерин тергөөнү өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.