• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы: «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды

22

👁 664

Кыргызстандын Премьер-министри Сапар Исаков 2-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеевди кабыл алды жана Ош облусундагы көзөмөл-өткөрүү пунктундагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча буга дейре берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүн талкуулады.

Дайыр Кенекеев өз отчетунда белгилегендей, мурдараак берилген тапшырмага ылайык, «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган. Учурда паспорттук көзөмөл жүргүзүү үчүн кошумча төрт кабинаны: 2 – республикага кирүү, 2 – республикадан чыгуу үчүн кабиналарды орнотуу боюнча иштер жүрүүдө.

Өкмөт башчы жүргүнчүлөр агымынын жогорулашына байланыштуу «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Сапар Исаков коомдук тартиптин сакталышына, өткөрүү пунктунда жана мамлекеттик чек арадан өтүүдө жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселесине басым жасады.

Бүгүнкү күндө 2018-жылдын январь айынан тарта «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда паспорттук көзөмөл 10 кабинада: 5 – республикага кирүүдө, 5 – республикадан чыгууда ишке ашырылууда. Көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жүргүзүлгөн иш-чаралардан соң, 1,7 эсеге жогорулап, суткасына 7 миңден ашуун адамды түзөт.

Белгилей кетчү нерсе, адамдар жыш өткөн учурда кезектер кыргыз жана өзбек тараптан бирдей катталууда.

Эскертсек, 2017-жылдын сентябрында Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасына карай өтүүгө чектөөлөрдү алып таштаган.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости