• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы Давосто ири эл аралык ишканалардын өкүлдөрү менен жолукту

sab_36081

👁 773

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында бир катар ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Орун алган беш жолугушууда Өкмөт башчы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири айтып берди.

Тактап айтканда, дүйнөлүк энергетикалык кеңештин төрагасы, «Дэсун» (Daesung) компаниясынын төрагасы жана аткаруучу директору Ким Ён Сун, Дубай инвестициялык корпорациясынын (ICD) жетекчиси, «Fly Dubai», «Emirates Airline» авиакомпанияларынын ээси Мухаммед Аль Шайбани, ICD улук кеңешчиси Чан Сун Ён, Sahara Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы аткаруучу директору Тони Коул жана «Манчестер Юнайтед» футболдук клубунун төрагасы Ави Глазер менен жолугушту.

«Инвестицияларды тартуу – менин жетекчилигим астындагы Өкмөттүн негизги милдеттеринин бирине кирет, анын натыйжасында келечекте кошумча жумушчу орундарды, ошондой эле узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет. Биздин өлкөгө мындай деңгээлдеги ири компаниялардын келиши Кыргызстан экономикасынын өнүгүүсүнө түрткү берет. Ал эми биз тараптан кызыкдар инвесторлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даярбыз», – деди Өкмөт башчы.

Сапар Исаков Өкмөт азыркы учурда 2018–2023-жылдарга «Жаңы доорго кырк кадам» орто мөөнөттүү Программаны ишке ашырып жатканын, андагы эки негизги багыт бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу экенин белгиледи.

«Биринчиси – бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруда бизнес менен мамлекет ортосундагы мамилелерди санариптештирүү жолу менен бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскарткан «Таза Коом» улуттук программасы.

Экинчи «Биз – бизнес менен» багытында инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө көнүл бурулган. 2017-жылдын сентябрында Өкмөт Кыргызстандын экономикасына 3 жыл ичинде 3 миллион АКШ долларынан кем эмес салым кошкон каалаган инвесторго стабилизация режимин колдонууга жол берген Стабилизация тууралуу Жобону бекитти. Натыйжада, 10 жыл аралыгында салык мыйзамындагы ар кандай өзгөрүүлөргө карабастан бир салык режиминен колдонуу мүмкүндүгү пайда болот», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Cүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сапар Исаков жолугушуу катышуучуларына гидроэнергетикалык, тоо-кен, ошондой эле туризм, өлкөнү санариптештирүү долбоорлоруна инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууларын сунуш кылды.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы Сапар Исаков бизнес өкүлдөрүн үстүбүздөгү жылдын сентябрында Ысык-Көл жээгинде өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына конок иретинде катышып кетүүгө чакырды.

Маалымдама: «Дэсун» компаниясы жашыл энергия, финансы, курулуш, маалыматтык технологиялар, органикалык продуктулар жаатында адистештирилген.

ICD компаниясы бизнес-тармактын кеңири чөйрөсүнө, анын ичинде финансы сектору, транспорт, энергетика, өнөр жай фирмалары жана кыймылсыз мүлккө инвестициялайт. ICD тармактык чектердеги инвестициялык портфолиосу: финансы жана инвестициялар – 27.9%; транспорт – 18,8%; энергетика жана өнөр жай – 17,2%; курулуш – 17,8%; мейманканалар жана эс алуу – 15,6%; чекене ж.б. – 2,7%.

Sahara Group энергия өндүрүү жана инфраструктуралык өнүктүрүүгө адистешкен жеке компания. Компания Африкада, Кариб бассейнинде, Азияда жана Европада (20 компания) иш алып барат. Акыркы кездерде компания өз рыногун кеңейтүүгө аракеттенүүдө.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости