• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы: БУУ менен кызматташуу социалдык-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары

11

👁 597

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков БУУ тутумунун Туруктуу координатору, Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонния Ожиело менен жолугушту.

Сапар Исаков Кыргызстан жана БУУнун кызматташуусунун өнүгүшүнө чоң салымын кошкон, буга дейре БУУ тутумунун Туруктуу координатору кызматын ээлеген Александр Аванесовдун жемиштүү ишмердүүлүгүн белгилеп кетти.

«Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы жана БУУӨП кызматташтык деңгээли кыйла жогорулады, анын алкагында республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Муну эске алуу менен БУУ институттары менен аталган багытта өнөктөштүктү улантууга даярдыгыбызды билдиргим келет, анткени БУУӨП программалары биздин жарандардын жашоосун жакшыртууда маанилүү ролду аткарууда», – деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жаткандыгына басым жасады. Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Өнүгүү Стратегиясын ишке ашырууда алгачкы жана абдан маанилүү баскыч катары саналган «Жаңы доорго-кырк кадам» Программасы иштелип чыкты.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонния Ожиело БУУӨП тутумунун бүтүндөй жумушу алардын астына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жарандары койгон милдет жана маселелердин тегерегине топтоштурулгандыгын белгиледи.

«Менин алдымда маанилүү миссия турат – мага чейинки башталган иштерди улантып гана тим болбостон, аларды мыкты аткарууга умтулуу. Жеке өзүм тараптан сиздерди Кыргызстандын Өкмөтү менен кызматташууга, колдоого жана жемиштүү иштешүүгө даяр экендигибизге ишендирип кетким келет. Сиздер жаңы амбициялык долбоорлорду ишке ашырууда ар дайым биздин жардамга ишенсеңиздер болот, алардын бири катары «Таза Коом» улуттук долбоору жана «Жаңы доорго-кырк кадам» программасы эсептелет. Бул өлкө жана коом үчүн зарыл жана маанилүү долбоорлор. Биз аларды колдоого даярбыз», – деп белгиледи Озонния Ожиело.

«Биз БУУӨП тутуму менен өз ара аракеттешүүнүн баштапкы деңгээлинин келечекте сакталышына ишенебиз. Биздин өлкө үчүн БУУ менен кызматташуунун келечектүү багыттары катары социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мүнөздөгү маселелер болуп саналат», –деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости