• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы Бишкек-Торугарт жолун эки жуманын ичинде текшерүү тапшырмасын берди

doroga-na-karakeche-1

👁 735

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 439–479-чакырымындагы сапатынын начарлашы тууралуу бир катар массалык маалымат каражаттарындагы жарыялоолорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет.
Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун абалынын начарлашынын себептерин тыкыр иликтөө үчүн көз-карандысыз эксперттерди, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен комиссия түзүүнү тапшырды.
Өкмөт башчы эки жумалык мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгын сунуштоо милдетин койду.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, унаа жолдун аталган тилкесин реабилитациялоо 2010–2013-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган. Унаа жолун реабилитациялоо иштери 2013-жылы жыйынтыкталган. 2014-жылы кепилдик мөөнөтү аяктаган соң, жол тилкеси Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун башкармалыгынын пайдалануусуна берилген.
2012–2013-жылкы кыш мезгилинен соң, жаңы асфальт төшөлгөн тилкеде жазылыгы 2–3 см жеткен жаракалар пайда болгон. Тилкелердеги жаракалардын пайда болушун тыкыр иликтеп чыгуу максатында экстремалдык шарттарда унаа жолдорун долбоорлоодо тажрыйбасы бар эл аралык эксперт чакырылган.
Эл аралык эксперт тарабынан жараканын пайда болуу себептерин аныктоо үчүн жарака кеткен жерде тереңдиги 2 м чейинки шурфтоо өткөрүлгөн. Натыйжада, жарака шурф жасалган тереңдикке дейре жетип, андан ары карай таркалгандыгы аныкталган.
Эл аралык эксперттин тыянагы боюнча, жарака кетүүнүн негизги себеби катары жол кыртышынын негизиндеги топурактын борпоңдугуна байланыштуу тоңдун тээп чыгышы эсептелет. Аймакта тоңдун тереңдиги 1,8 – 2,0 метрге жетип, ал эми жол менен негизги кыртыштын калыңдыгы 77 см түзсө, жол кыртышынын конструкциясынан тоңдун тээп чыгышын жокко чыгарып салуу мүмкүн эмес. Тондун терендигинде керексиз топуракты алып салуу, же 1,5 м ашуун кырдалган топурак менен каттоо иштерин аткаруу жумуштун наркын кескин жогорулатып, долбоордун бюджетине туура келмек эмес.
Белгилей кетсек, жол кышында абанын кескин өзгөрүшү (күндүзү 10 С тан, кечкисин – 40 С чейин) орун алган катаал климаттык шарттагы райондо жайгашкан. Жаракалар жаз-жай мезгилинде жер кыртышынын эришинен кийин гана жабыла баштайт, андан кийин аларды бүтөө иштери жүргүзүлөт.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости