• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы: «Бир айыл – бир продукт» долбоору аймактарды өнүктүрүүдө маанилүү курал болуп саналат

ali_7984

👁 564

«Бир айыл – бир продукт» ассоциациясынын долбоору аймактарды өнүктүрүү ишинде маанилүү болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-майда аталган ассоциациянын ишмердиги менен таанышуу учурунда билдирди.

Абылгазиев өкмөттүн ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыт аймактарды өнүктүрүү болуп саналаарын белгилеп өттү.

Анын айтымында, жаңы айыл чарба технологияларын жана билимдерди колдонуу менен гана коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу мүмкүн.
Айыл чарбасын комплекстүү өнүктүрүү региондордун социалдык-экономикалык абалына оң таасир берет.

Өлкөдөгү Япония эл аралык кызматташтык уюмунун туруктуу өкүлү Казухико Кикучи бул долбоордун концепциясы айыл жерлеринде кошумча жумуш орундарын түзүүгө, атамекендик айыл чарба продукцияларын чет элдик базарларга жөнөтүүгө жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.

Анын айтымында, Японияда Кыргызстанда өндүрүлгөн ак эспарцет балына суроо-талап көп. Ал чыгарылган продукцияны өндүрүү үчүн жергиликтүү, аймактык гана сырье колдонуларын өзгөчө белгиледи.
Белгилей кетсек, «Бир айыл – бир продукт» Ассоциациясы кийиз буюмдарды, сувенирлерди, бал, жапайы мөмөлөрдөн кыям жана шире өндүрүүгө адистешкен 2000ден ашуун жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн бирикмеси болуп саналат.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости