Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө өкмөттүн токтомуна кол койду.
Токтом экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын топтоо максатында иштелип чыккан.
Атайын эсепке топтолгон каражаттар өкмөттүн чечиминин негизинде гана бөлүштүрүлөт.
Белгилей кетсек, мындай механизм коррупциядан кайтарылган акча каражатын даректүү пайдалануу мүмкүндүгүн, ошондой эле антикоррупциялык механизмдерди каржылоонун сапаттуу жакшыруусун камсыздайт.