• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы Аркадий Меркулов менен атамекендик жарандык авиация тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулады

333

👁 787

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 12-апрелде, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Европа жана Түндүк Атлантика кеңсесинин учуулар коопсуздугу боюнча аймактык эксперти Аркадий Меркулов менен жолугушту.

Жолугушуу Өкмөт башчынын Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында ИКАО Баш катчысы Фан Лю менен 2018-жылдын 24-январындагы макулдашуусунун жыйынтыгы боюнча болуп өттү.

Тараптар атамекендик жарандык авиация тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө аталган тармакты өркүндөтүү боюнча активдүү чаралар кабыл алынууда. Анын айтымында, жарандык авиация тармагын реформалоонун жүрүшүндө квалификациялуу кадрлардын жана аталган багыт боюнча экспертизанын жетишсиздиги маселеси курч турууда.

Буга байланыштуу Сапар Исаков ИКАО менен авиациялык тармак кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана жалпы тармакты өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

ИКАО аймактык эксперти Аркадий Меркулов учурда Уюмдун ишиндеги негизги артыкчылык учуулардын коопсуздугун камсыздоо болуп саналаарын белгиледи.

Ал мындан ары өнүгүүсү үчүн түзүмдүк өзгөртүүлөргө муктаж болгон өлкөнүн авиациялык тармагынын кенен келечегин баса белгиледи.

Аркадий Меркулов Өкмөт башчыга өлкөнүн учурдагы абалынын анализи жана авиацияны өнүктүрүү аркылуу экономикалык өсүүгө жетүү чаралары камтылган бетачарын тартуулады.

Анын айтмында, ИКАО Кыргызстанга авиация жаатындагы кызматкерлерге ар түрдүү тренингдерди жана окутуу иш чараларын өткөрүү үчүн эксперттик деңгээлде көмөк көрсөтүүгө даяр.
Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү жана өлкөдөгү авиацияны өнүктүрүү боюнча консультация берүүсү үчүн анын курамына ИКАОнун өкүлдөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости