• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы: 20 өсүү шаарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу пландалууда

dsc08711

👁 809

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин ишине катышты. Анын жүрүшүндө аймактык саясат Концепциясы жана 2018–2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы сунушталды.
«Аймактык саясат Концепциясынын башкы максаты – калктын берекелүү турмушу жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүнү камсыздоо болуп саналат. Концепциянын алкагында жергиликтүү өңдүрүштүк кубаттуулуктарды колдонуу менен жайгашкан аймагынын экономикалык ишмердигине тартылуучу инфраструктурасы бар 20 өсүү шаарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу пландалууда. Мындан тышкары аймактарды адистештирүү жана кластерлөөнү тереңдетүү максатында Ысык-Көл облусунда туристтик кластер, Бишкек жана Чүйдө тигүүчүлүк кластер, ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында айыл чарба кластерлерин ишке киргизүү мерчемделип жатат», – деп баса көрсөттү ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен бирге аймактарда шаарлардын жана калктуу жерлердин инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлору илгерлетилерин ырастады.

«Кеп унаа жолдорун куруу жана оңдоо, ирригациялык тармактарды модернизациялоо, социалдык турак-жай менен камсыздоо, социалдык мекемелер тармагын өнүктүрүү, жагымдуу инвестициялык абалды түзүү тууралуу жүрүүдө. Өлкө президенти тарабынан аныкталган артыкчылыктар менен катар аймактык саясаттын аталган кадамы экономиканы активдештирүүгө жана аймактарды тездетилген темпте өнүктүрүүгө кошумча дем берет. Бул ошондой эле милдеттерди комплекстүү чечүүгө, ресурстарды топтоштурууга, аймактарды башкаруу үлгүсүн өзгөртүүгө алып келет», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр донордук коомчулукка көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүүдө түптүү өзгөртүүлөргө жетишүү үчүн аталган жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга катар Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасы тартууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган өкмөттүк Программа жана аны ишке ашыруу боюнча План калктын пикирин жана талаптарын, депутатардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Мындан тышкары, бул документтер учурда иштелип жаткан 2040-жылга дейре Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын негизги багыттарына шайкеш келет.

«Программа өлкөдө экономикалык өсүштү жана финансылык туруктуулукту камсыздоого, бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууга жана республиканын стратегиялык умтулууларына, өнүгүүнүн артыкчылыктарына жетишүүгө багытталган», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн Координациялык кеңешинин өкүлдөрү өз сунуштарын айтып, Өкмөттүн Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүү боюнча демилгелерин колдоого алууга даярдыгын билдиришти.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости