Кыргызстан келерки жылдан тарта бештен төмөнкү экологиялык класстагы күйүүчү майларды сатууга жана пайдаланууга тыюу салунуу мерчемдөөдө. Бул маселени депутаттар Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде карап, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду. Ага удаа зыяндуу заттарды көп бөлүп чыгарат деп айтылып жаткан маршруттук таксилер газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылат.
Бир мезгилдеги жашыл шаар болгон Бишкектин үстүн түтүн каптап, абанын булганып жатышы учурда негизги көйгөйгө айланды. Ѳкмөттүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин берген маалыматына таянсак, борбор калааны булгап жаткан зыяндуу заттардын 90 пайызы авто унаалардан бөлүнүп чыгууда. Башкача айтканда, Бишкектин абасына жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жаткан болсо, анын 180 миң тоннасын автоунаалар бөлүп чыгарууда.
Борбор калаадагы абанын булганып жатышы парламентте да көтөрүлүп, өкмөт абаны тазалоо боюнча чукул чараларды кабыл алууга киришти. Бул боюнча жумушчу топ түзүлүп, иштей баштады.
Өкмөт ушул жылдын сентябрь айына чейин жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилер чоң автобустарга алмаштырыларына убада берүүдө.
Биринчи вице премьер-министр Аскарбек Шадиевдин билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылы газ менен жүрүүчү 350 автобус сатылып алынат.
Мамлекеттик техникалык инспекция жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук унаалардын үчөөнүн бири гана талапка жооп берсе, калган экөөсүнүн эскилиги жетип, абага зыяндуу заттарды көбүрөөк чыгарып жатат. Зыяндуу заттарды нормадан ашык чыгарып жаткан унаалардын катарына оор жүк ташуучу КАМАЗ үлгүсүндөгү унаалар да кирет. Бажы биримдигинин техникалык регламентине ылайык, абага тарап жаткан зыяндуу түтүндүн нормасы 2,5 пайыздан ашпоого тийиш.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов өлкөгө эски унааларды алып келүүгө тыюу салуу керектигин сунуштады.
“Жаңы унааларга бажы төлөм кызматтары кымбат. Ага карабастан кеминде үч жыл ичинде чыгарылган жылы жаңы унаалардын бажы төлөмүн азайтып, ушул жол менен Кыргызстанды сапаттуу унаалар менен камсыздашыбыз керек. Бензин жана газ менен жүрө турган жаңы унаалардын бажы төлөмдөрүн таптакыр жоюу керек”,-деди эл өкүлү.
«BizExpert» аналитикалык борборунун директору Улук Кыдырбаев да айлана-чөйрөгө зыяны аз тие турган унааларды алып келүүдө өкмөт бир нече жагдайларды эске алышы керектигин айтты. Анын пикиринде, экологияны сактоодо же болбосо жаратылышка карата зыян келтирген тарапка мыйзам негизинде айыптоо эмес, тескерисинче колдоо иш-чараларын киргизүү керек.
“Эмнегедир айдоочулар эски унааларды алышат. Бирок алардын укуктарын чектебей, өкмөт айдоочуларга шарт коюушу керек: гибрид же электр тогу менен жүргөн унаа айдагандарга унаанын баасынын кайсы бир пайызын кайтарып беребиз деши керек. Бул тажрыйба чет өлкөлөрдө жакшы жайылган. Абага зыяны жок унаа алгандарга унаанын жалпы наркынын 30 пайызын мамлекет төлөп берет”,-деди Улук Кыдырбаев.
Кыргызстанда мунайды иштетүүчү заводдор заманбап технологияда курулган деп айтылып келгени менен баары төмөнкү класстагы экологиялык сапаттагы күйүүчү майларды чыгарышат. Мындан улам эл өкүлдөрү жергиликтүү заводдор чыгарып жаткан күйүүчү майларды ички керектөөгө эмес, экспортко чыгарууну сунуштап жатат.
Ушул тапта Кыргызстанда дал ошол абаны булгап жатат деген күйүүчү майдын курамындагы бензол, сера газдарын аныктоочу лабораториялар жок. Сырттан ташылып жаткан мунайлардын сапатын “мыкты” деген сертификаттар кандайча берлип жатканынан кызыккан депутаттар, өкмөттөн бул документти берүүдө тартип орнотууну талап кылды.
Бүгүнкү күндө борбор калаада 3000ден ашуун маршруттук унаа, 80 троллейбус жана 250 автобус жүргүнчүлөрдү тейлейт. Шаар бийлиги маршруттук таксилерди алмаштыруу үчүн 800 автобус жана 150 троллейбус паркы керек экенин эсептеген.
Назгүл Бостонбаева