• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кимге билимдүү ишкерлер керек жана керектүү маалыматты жашыруу кимге зарыл?

????????????????????????????????????

👁 1,067

Мына экинчи жыл катары менен Кыргызстанда жаз жамгырлуу болууда. Бир жагынан алганда бул жазгы талаа-иштери үчүн жакшы. Бирок баары жипке тизгендей эмес. Жаандын көп жаашы дыйкандарга баш оору гана жаратпастан аларды банкрот да кылууда.

Айыл-чарба министрлиги айдоо-себүү иштери ийгиликтүү болгонун билдирди. Жалпылап айтканда жакшы, бирок…

Жаратылыштын айынан пландары талкаланган дыйкандар кантет? Насыя алып катуу жааган жамгырдан улам баарынан кол жуугандарчы?

Кыргыз жетекчилери маанилүү фактыларга көңүл бурбай келет, алар тууралуу мамлекет да насыя берген банк дагы унчукпай келишет. Бири мөөнөттөн уттургусу келбесе, башкасы кепил болгусу келбейт. Натыйжада карыз болгон дыйкан жабыр тартат.

ЭКОНОМИКА бул маселени иликтеп, окурмандар менен бөлүшүүнү тура көрдү.

КРнын жарандык кодексинин “Милдеттенмени бузгандык үчүн жоопкерчилик” тууралуу 20-бөлүмдүн 3-пунктунда илинчек бар. Аны жоготууга учураган ишкерлер укугун коргоодо колдонсо болот. Биз ишкерлердин жүгүн жеңилдетүү үчүн ушул пунктту атайын бөлүп койдук.

Кыргыз Республикасынын жарандык кодекси

20-бөлүм

Милдеттенмени бузгандык үчүн жоопкерчилик

356-берене. Милдеттенмени бузгандык үчүн жоопкерчиликтин негиздери

Милдеттенмени аткарбаган же аны тийиштүү түрдө аткарбаган жак, мыйзамда же келишимде жоопкерчиликтин башка негиздери каралгандан тышкары учурда, жасалган күнөөсү (атайын же байкабастыктан) болгондо, жоопкерчиликти көтөрөт.

Эгерде милдеттенменин жагдайы жана жүгүртүүнүн шарты боюнча андан талап кылынган камкордуктун жана баамчылдыктын деңгээлине ылайык ал жак милдеттенмени тийиштүү түрдө аткаруу үчүн бардык чараларды көргөн учурда күнөөсүз деп эсептелет.

Күнөөнүн жоктугу милдеттенмени бузган жак тарабынан далилденет.

Мыйзамда же КЕЛИШИМДЕ башка каралбагандыктан, ээлик кылуу ишкердигин жүзөгө ашырууда милдеттенмесин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган жак эгерде милдеттенмени аткаруу дарамет жеткис күчтөрдүн, башкача айтканда, ушундай шартта өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдын айынан аткарууга мүмкүн болбогондугун далилдебесе, жоопкерчиликти көтөрөт. Мындай кырдаалдарга, атап айтканда, карызкордун контрагенттери тарабынан милдеттенменин бузулушу, рынокто аны аткаруу үчүн керектүү товарлардын жоктугу, карызкордун зарыл болгон акча каражаттарынын жоктугу кирбейт.

Келишимде же мыйзамда ишкердиктин субъекттерин жоопкерчиликтен бошотуунун башка шарттары каралышы мүмкүн.

Милдеттенмени атайын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти четтетүү же чектөө жөнүндөгү мурдатан түзүлгөн макулдашуу жокко эсе.

(2012-жылдын 6-августундагы КРнын Мыйзамынын редакциясы N 152)

ЭКОНОМИКАнын комментарийлери:

КРнын Жарандык кодексиндеги берене боюнча эгерде өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаал далилденсе анда милдеттенмелерди аткарууга убакыт алса (жокко чыгаруу эмес) болот жана насыя боюнча айыппул албайт.

Өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаал насыяны кайтарып берүү милдетинен куткарбайт. Ал болгону өз убагында төлөнбөгөн насыяга туумдун кошулушун алдын алат.

Бул банк аталган берене колдонулбайт деп жазбаган болсо гана ишке ашырылат. Башкача айтканда, банк бул жобо насыяга тиешеси жок деп келишимге жазып коюшу ыктымал. Карыз алуучу болсо насыя берилеби же жокпу деп буга көп деле көңүл бурбайт.

Жыйынтык: келишимди көңүл бөлүп окуңуз, керек болгон учурда өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаал боюнча түшүндүрө аласызбы ушуга көңүл буруу кажет.
Көбүнчө банктар келишим түзүп жатканда дал ушул беренени колдонулбай турганын белгилешет (башкача айтканда КРнын Жарандык кодексинин 3556-беренесинин 3-пункту колдонулбайт деп жазышат).

Өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаал болгонун кантип далилдөө керек? Мүмкүн болгон справканын баарын алуу керек (Айыл-чарба министрлиги, ӨКМ, Соода өнөр-жай палатасы ж.б.)

Өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдын болгону тууралуу акт түзүү керек жана ага көз карандысыз күбөлөр кол коюшу керек (булар мисалы мөндүрдүн жааганы, катуу шамал ж.б кирет). Актыга сүрөттөрдү тиркеген жакшы натыйжа берет.

Өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаал болору менен кат жүзүндө банкка билдирүү жөнөтүү зарыл.

ЭКОНОМИКА айыл-чарба тармагына насыя алып жатканда өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдар боюнча маселе барбы жокпу билүү үчүн бир нече банк менен байланышып көрдү.

Россинбак

Насыялар иштеп жаткан бизнеске гана берилет.

Стартаптар боюнча алар насыя бербейт.

Келишимге өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдар киргизилген. Эгерде ушундай абал жаралса ал карыз алуучунун арызынан соң каралат. Мөөнөтү жана пайыздык ставкасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү орган чечим кабыл алат.

Айыл банк

Насыялар иштеп жаткан бизнеске гана берилет. Эгер стартап болсо анда жакшы бизнес план жана башка киреше булактарын көрсөтүү зарыл же чарба катталган документти көрсөтүү кажет.

Келишимге өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдар киргизилген. Бирок ал деталдаштырылып жазылган эмес. Эгерде өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдар жаратылышка байланыштуу болсо атайын комиссия түзүлүп, бул маселени карап чыгат. Физикалык мүноздөгү өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдар насыяны бергичекти кардар менен сүйлөшүлөт.

Эко Исламик банк

Насыялар иштеп жаткан бизнеске гана берилет. Стартаптар боюнча алар насыя бербейт.

Кардарлардын колуна накталай акча берилбейт. Банкта товарларды каржылашат, керектүү товарды сатып алууга көмөкчү болушат.

Өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдар тууралуу маалымат беришпейт.

Банк бул суроого ишенимдүү жооп берди, бирок өзгөчө кырдаал тууралуу маселени каржылык билими жоктор жана юристтин кеңешин албагандар түшүнбөйт, жөнөкөй дыйкан буга көп көңүл бура бербейт.

Карыз алган дыйкандар канчалык деңгээлде буга көңүл бурушат?

Алар маалымдалганбы?

ЭКОНОМИКА банктардан насыя алган ишкерлерге суроо узатты.

Дайыр, Каракол:

Чынын айтсам кол коюп жатканда караган деле эмесин. Акча бергенине кубангам. Техникага жана үй курууга 1 млн сом алгам. Күзүндө уулумду үйлөндүргөнү жатам. Өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаал деген эмне?

Асан, Кара-Балта:

Мага ийгилик жылмайды, үрөн беришкен жана аба-ырайы жакшы. Айрым дыйкандардын талааларын жамгыр жууп кеткенин уктум. Өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдар тууралуу билбейм. Учруда дыйкандар бир нерсе кылып жатышканына ыраазы. Эч ким карабай эле кол коюп коет. Бул суроону бергениңер жакшы болду, эми билип калам.

Өмүрбек, Талас:

Бул тууралуу укпаптырмын, төлөөнү жылдырып турууга да болобу?

Алмаз, Нарын:

Бул керектүү маалымат экен. Эки жыл мурун насыямды араң жапкам, күйүп кете жаздадым. Банк мөөнөт берген эмес.

Көпчүлүк кыргыз дыйкандары каржылык билиминин жоктугунан ар кандай кагаздарга карабай туруп эле кол коюп коюшат. Насыя берген банктын ачыктыгына жана кардарлардын укугунун сакталып жатканына гана үмүт артуу керек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости