Бул рейтингге кыргыз паспорту дагы кирген.
Паспорттун деңгээлин өлкөлөргө визасыз кирүү критерийи боюнча аныкташкан.
Экинчи орунда Сингапур. Бул мамлекеттин жашоочулары Германия жарандарына салыштырмалуу визасыз барууга боло турган өлкөлөрдүн саны 1ге аз. Сингапур менен катарлаш болуп, 2-орунга Швеция дагы ээ болгон.
Үчүнчү орунду бир нече өлкө ээлешкен: Дания, Франция, Финляндия, Испания, Швейцария, Норвегия, Улуу Британия, АКШ. Бул өлкөлөрдүн тургундары визасыз 155 мамлекетке бара алышат.
Ал эми корголгону боюнча кыргыз паспорту 133-орунда.
Passport Indexтин рейтингинде жалпы 199 өлкө катышкан.
Маалымат үчүн.
Орусиянын паспорту 39-орунду ээлесе, Өзбекстан 70-орунга, Түркмөнстан 70-орунга туш болгон. Ал эми “паспорттун күчтүүлүгү” боюнча эң акыркы орун Афганистанга туура келген.