“БизЭксперт” аналитикалык борбору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылган.
Анда Башкы прокуратуранын тиешелүү бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптар аткарылып жатканын текшерип берүү жана нормативдик укуктук актылар менен байланышкан коррупциялык коркунучтарды текшерип берүүнү өтүнгөн.
Зергерчилик тармагындагы ишканаларды өнүктүрүү жана атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу үчүн оңтойлуу шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрүү, ички рыноктун талаптарын канааттандыруу, зергерчилик продукциясынын экспортун көбөйтүү жана иш орундарын түзүү үчүн 2016-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 381-токтому менен Кыргыз Респубикасынын зергерчилик өндүрүшүн 2018-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясы бекитилген. Ага ылайык, иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу министрликтер жана административдик ведомстволор анын аткарылышын камсыздайт жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен квартал сайын тийиштүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушат. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турат.
Бирок, 1998-жылдын 14-майындагы КРнын “Баалуу металлдар жана таштар тууралуу” мыйзамына ылайык, Өкмөт Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды бекитиши керек болчу.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114 токтомуна ылайык, баалуу металлдарды, асыл таштарды, андан жасалган буюмдарды жана кенчтерди кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону, баалоону ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилген. Бул 2008-жылдын 5-апрелинде №55-болуп кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» мыйзамына карама-каршы келет. Анда ишкерлик тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Экономика министрлиги жазылган.
Баалуу металлдарды, таштарды өндүрүү, колдонуу, айландыруу, сактоо боюнча ишканалардын иши ишкерликке түздөн-түз тиешелүү болгондуктан Өкмөттүн зергерчилик тармагын жөнгө салууну Юстиция министрлигине берүү чечими «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114-токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сатып алууну, кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону жүргүзүү милдеттери Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар депратаментине берилген. Текшерүү жана жөнгө салуу функциясын бир мекемеге берүү менен КРнын Өкмөтү. Бул 2008-жылдын 5-апрелинде №55-болуп кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» мыйзамынын 2-беренесин бузууда. Муну Экономика министрлигинде болгон жолугушуу учурунда Баалуу металлдар департаменти нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу аларга тиешелүү экенин айтканы жана Баалуу металлдар департаменти нормативдик-укуктук актыларын демилгелегени тууралуу каттар далилдеп турат.
“Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тууралуу” мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдары тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле ушул беренеде көрсөтүлгөн органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан чыгарылган укуктук актылардын мыйзамдарга ылайык келүүсүн көзөмөлдөйт
Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” тууралуу мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык коррупцияны алдын алуу ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын “Башкы прокуратура тууралуу” мыйзамынын 21–31-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү тууралуу” мыйзамынын 6–7-беренесине ылайык, «БизЭксперт» коомдук фонду ишкерлик субъекттеринин кызыкчылыгын коргоо максатында:
- 1. Кыргыз Респубдликасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114-токтомунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тууралуу жобосун, Финансы министрлиги алдындагы Баалуу металлдар тууралуу департаменти тууралуу жобосун карап чыгууну;
- Жогоруда белгиленген нормативдик-укуктук актылар боюнча коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнү суранат.