• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

“Кепилдик фондунун” капиталы 300 млн. сомго жогорулатылды

1

👁 1,312

«Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлдү. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Көрсөтүлгөн чечим «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун ишмердигинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу, аймактарда чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин кепилдиктерге керектөөсүн кыйла толук канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

Бизнести өнүктүрүү үчүн 1 млн сомдук кредит керек. Бирок ишкердин күрөөсү керектелген суммага жетпей жатса, калган бөлүгүн кепилдик фонду камсыздап бере алат. «Кепилдик фонду» ААКсы келечектүү долбоолору бар, бирок аларды ишке ашырууга насыя алуу үчүн жетиштүү күрөөсү жок ишкерлерге жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ошондой эле Фонд өз ишинде облустарда жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоого алат. Өкмөттүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018–2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын аймактык өнүктүрүү Концециясынын жоболорун ишке ашырууга багытында «Кепилдик фондун» уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлгөнүн аталган башкармалыктын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Малик Абакиров: “40−50 пайыз ишкерлер насыя алабыз деп банкка кайрылышканы менен алардын күрөөсү жеткен эмес. мына ушул жагдайларды эске алып, биз уставдык капиталды көбөйттүк. Учурда мунун натыйжасы жакшы болуп жатат. Бирок биздин ишкерлердин сураган көлөмү 20 млрддан жогору болууда. Биздин капиталыбыз учурда 300 млн кошулуп 600 млн сом болду. Бул сумма ишкерлердин бизнесин өнүктүрүүгө жумшалат”.

Эске сала кетсек, буга чейин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-орус өнүктүрүү жана кепилдик фонддун жетекчилерин кабыл алган учурда аймактарда жакшы долбоорлору бар, бирок күрөөгө кое турган мүлкү жок, насыя ала албаган ишкерлер менен жолугушканын, натыйжада керектүү долбоорлор ишке ашырылбай калып жатканын белгилегени бар. Малик Абакировдун айтымында “Кепилдик фонду” ААК 2016-жылдын ноябрынан баштап, 14 айлык ишмердигинде жалпы суммасы 248 млн сом болгон 237 кепилдик өткөрүп берген, жалпысынан капиталдын 90 пайызын колдонгон. Ал эми быйылкы жарым жылда эле берилген кепилдиктин саны 245ди түзүп, суммасы 240 млн сомду түздү.

Малик Абакиров: “Көбүнчөсү тактап айтканда 57 пайыз айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана өндүрүшкө жумшат жатабыз. Мындай жумуштар мындар ары да улантылат. Мисал үчүн айта кетсем, айыл банк менен биргеликте Таласта төө бурчагын кайра иштетүү заводун курганга жетиштик. Ал эми түштүк аймагында Ошто сүттү кайра иштетүү заводуна дагы өзүбүздүн кепилдиктерди берип, өндүрүшкө көбүрөөк көңүл буруп жатабыз”.

Эми кепилдик фонддун уставдык капиталынын 300 млн сомго көбөйтүлүшү менен өлкөнүн аймактарында чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин кепилдиктерге керектөөсүн кыйла толук канааттандырууга шарт түзөт жана Президент тарабынан жарыяланган 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишкерликтин өсүүсүнүн катализатору болот. Ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин жетекчиси Умбриэл Темиралиевдин баамында кепилдик фонддун уставдык капиталы мындан ары дагы көбөйтүлө турган болсо анда бул ишкерлерге чоң жардам жана колдоо болмок.

Умбриель Темиралиев: “Эгерде кепилдик фонду өзүнүн ишин жакшы көрсөтсө, албетте анда Азия өнүктүрүү банкынын атынан дүйнөлүк банк жана Европа банктары кызыктар болушу мүмкүн. Алардын колдоосу менен фонддун уставдык капиталы 50–100 млнго чыгып кетиши ыктымал. Эгер 50–100 млн долларлык кепилдик фонд болсо, азыркыдай 30 пайыз болуп өзүн чектебей 50–60 пайызга чейин чыкса, анда биздин ишкерлерибизге жалпы жонунан чоң жардам жана колдоо болмок”.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Премьер-министри болуп турганда ишкерлер үчүн күрөө мүлкү жетишпегенде керектүү насыянын суммасын алуу үчүн “Кепилдик фонду” ачык акционердик коому түзүлгөн. Фонд 1,5 жылдан бери иштейт. Бул мезгилде 500 жаңы жумушчу орун, 63 млн сомго экспорттоого багытталган 22 долбоор түзүлүп, 440 кепилдик берилди. Бекитилген кепилдиктер бизнестин түрү боюнча 45% – чакан жана орто бизнес, 15% – ири бизнести түздү. Фонддун жетишкендиктеринин бири – «Бир район – бир ишкана» программасы боюнча 15 жаңы ишкананы түзүүгө аракеттешүү болуп саналат. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун таза кирешеси план боюнча 8,5 млн сом болсо 12,6 млн сомду түздү.

4 жыл мурун жумуш издеп жүргөн Кара-Суулук Медина айым кепилдик фонддун жардамы менен аймактагы белгилүү ишкерлерине айланды. Өзү менен кош 10 дон ашык жаранды жумуш орду менен камсыз кылган. Тактап айтканда Сарай айыл өкмөтүнүн алдындагы кепилдик фонддун колдоосу менен эки чакан цех ачканга жетишкен. Ал бир жылдык кирешеси 350 миң сомдон ашкан.

Ишкер Медина: “Кредит алганы банкка барганбыз. Бирок банкка барганда биздин койгон күрөөлөрубуз жетишпей кепилдик фондко кайрылганбыз. Анан ошолордун жардамы менен кредит алып кондитердик цехтин жабдууларын сатып алдык. Учурда ишканабыз жакшы иштеп 300 миңден ашуун киреше алып келип жатат”.
Кыргызстан башка мамлекеттердин рынокторуна чыгууга аракет кылууда. Өлкө Евразиялык экономикалык союзга киргени ата-мекендик продукцияны экспорт кылууда атаандаштыкты күчөттү. Атаандаштыкка жаңы технологиялар менен иштеген, жетиштүү каражаты бар өндүрүшчүлөр гана чыдай аларын адистер белгилешет. Мамлекеттин милдети — аларды колдоо жана ата-мекендик продукцияны өндүрүүдө атаандаштыкка туруштугун жогорулатуу, инновацияларды киргизүү, материалдык-техникалык базасын жаңыртуу, өндүрүштү кеңейтүү үчүн “узак жана арзан” насыялык ресурстар менен камсыздоо болуп саналат.

И. Жамалбеков

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости