Бизнести өнүктүрүү үчүн 1 млн сомдук кредит керек. Бирок ишкердин күрөөсү керектелген суммага жетпей жатса, калган бөлүгүн кепилдик фонду камсыздап бере алат. «Кепилдик фонду» ААКсы келечектүү долбоолору бар, бирок аларды ишке ашырууга насыя алуу үчүн жетиштүү күрөөсү жок ишкерлерге жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ошондой эле Фонд өз ишинде облустарда жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоого алат. Өкмөттүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018–2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын аймактык өнүктүрүү Концециясынын жоболорун ишке ашырууга багытында «Кепилдик фондун» уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлгөнүн аталган башкармалыктын төрагасы Малик Абакиров билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-орус өнүктүрүү жана кепилдик фонддун жетекчилерин кабыл алган учурда аймактарда жакшы долбоорлору бар, бирок күрөөгө кое турган мүлкү жок, насыя ала албаган ишкерлер менен жолугушканын, натыйжада керектүү долбоорлор ишке ашырылбай калып жатканын белгилегени бар. Малик Абакировдун айтымында “Кепилдик фонду” ААК 2016-жылдын ноябрынан баштап, 14 айлык ишмердигинде жалпы суммасы 248 млн сом болгон 237 кепилдик өткөрүп берген, жалпысынан капиталдын 90 пайызын колдонгон. Ал эми быйылкы жарым жылда эле берилген кепилдиктин саны 245ди түзүп, суммасы 240 млн сомду түздү.
Эми кепилдик фонддун уставдык капиталынын 300 млн сомго көбөйтүлүшү менен өлкөнүн аймактарында чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин кепилдиктерге керектөөсүн кыйла толук канааттандырууга шарт түзөт жана Президент тарабынан жарыяланган 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишкерликтин өсүүсүнүн катализатору болот. Ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин жетекчиси Умбриэл Темиралиевдин баамында кепилдик фонддун уставдык капиталы мындан ары дагы көбөйтүлө турган болсо анда бул ишкерлерге чоң жардам жана колдоо болмок.
Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Премьер-министри болуп турганда ишкерлер үчүн күрөө мүлкү жетишпегенде керектүү насыянын суммасын алуу үчүн “Кепилдик фонду” ачык акционердик коому түзүлгөн. Фонд 1,5 жылдан бери иштейт. Бул мезгилде 500 жаңы жумушчу орун, 63 млн сомго экспорттоого багытталган 22 долбоор түзүлүп, 440 кепилдик берилди. Бекитилген кепилдиктер бизнестин түрү боюнча 45% – чакан жана орто бизнес, 15% – ири бизнести түздү. Фонддун жетишкендиктеринин бири – «Бир район – бир ишкана» программасы боюнча 15 жаңы ишкананы түзүүгө аракеттешүү болуп саналат. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун таза кирешеси план боюнча 8,5 млн сом болсо 12,6 млн сомду түздү.
4 жыл мурун жумуш издеп жүргөн Кара-Суулук Медина айым кепилдик фонддун жардамы менен аймактагы белгилүү ишкерлерине айланды. Өзү менен кош 10 дон ашык жаранды жумуш орду менен камсыз кылган. Тактап айтканда Сарай айыл өкмөтүнүн алдындагы кепилдик фонддун колдоосу менен эки чакан цех ачканга жетишкен. Ал бир жылдык кирешеси 350 миң сомдон ашкан.
И. Жамалбеков