Гарантиялык фонддун” учурда жасап жаткан иши тууралуу фонддун төрагасы Малик-Айдар Абакиров менен маек курдук. Биздин биринчи сурообуз мамлекеттик компаниянын түзүлүүнүн себебине байланыштуу болду.
- Малик-Айдар Барктабасович, “Кепилдик фонд” ААКтын түзүлүшүнө эмне себеп болду?
Кыргызстанда кичи жана орто бизнестин ИДПдеги үлүшү 40,5 пайыз түзөт. Келечекте бул көрсөткүч улам өсө берет. Көзкарандысыз адистердин баалары боюнча, ишкерлердин 40тан 50гө чейин пайызы күрөө жетишпегендиктен банктардан насыя ала алышпайт.
Учурдагы “Кепилдик фонддун” иши тууралуу айтып берсеңиз?
Ишке киргенине бир жыл боло электе бүт республика боюнча кепилдиктер берилүүдө. Ошондой эле, аталган фонд жети банк менен иштешүүгө келишим түзгөн. Мындан тышкары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен да биргеликте иштешет.
2016-жылдын 1-ноябрынан 2017-жылдын 1-октябрына чейин 160 кепилдик берилип, 174 миллион сомду түздү. Ошонун ичинен “Кепилдик фонд”менен келишим түзгөн банктар 700 миллион сомдон ашык кредит берди. Алардын ичинен: Айыл чарбасына 15%; кайра иштетүүгө 21%; соода-сатыкка 36%; туризмге 8%.
“Кепилдик фонд” менен келишим түзгөн банктар башка банктардын арасында салыштырмалуу кандай оорун ээлейт? Алардын ичинен кайсы банктар көп насыя беришти?
“Кепилдик фонд” ААКсы 7 банк жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен келишим түзгөн. Эгерде банк системасында баардык филиалдардын саны 320 жетсе, бүгүнкү күндө “Кепилдик фонд” 180 банк филиалы менен иштешүүдө.
Ишкерлерге берилген кепилдиктен жана насыядан бир дагы көйгөй жарала элек. Ал эми аймактар боюнча берилген кепилдиктерди ала турган болсок, Бишкекте 28%, Чүйдө 21%, Нарында 17%, Ошто 7%, Таласта 1%, Ысык-Көлдө 9%, Баткенде 11% түзөт. Негизинен бизнестин басымдуу бөлүгү Бишкек, Чүй жана Ош аймактарында болууда.
Кепилдик алууга көбүнчө кимдер кайрылат жана кайсы тармакка басым жасалат?
Негизинен кепилдик алууга кичи-орто ишканалар кайрылат. Бирок акыркы учурда чоң ишканаларда кайрылууда. Себеби алар чоң кредит алууга күрөөсү жетпей жатат.
Буга чейин микро ишкерликке 49, кичи ишкерликке 33, орто ишкерликке 44, ири ишкерликке 27 кепилдик берилди.
Биздин кепилдик фонд үчүн приоритеттүү тармактары деп айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, экспортко багыт алган ишканалар, өндүрүш мекемелер, кийим тигүү, текстиль, туризм тармактары эсептелинет.
«Кепилдик фонддун» кепилдик берүүдөн тышкары дагы кандай тармактар бар?
“Кепилдик фонд” бир гана кепил берип эле токтоп калбайлы деп ишкерлер муктаж болгон долбоорлор менен да иш алып барууну көздөдүк. Анткени биздин ишкерлерге финансылык билим керек. Ошондуктан Азия өнүктүрүү банкынын “Аял ишкерлерди өнүктүрүү” деген долбоору менен эки айлык келишим түзүп, бүгүнкү күндө аял ишкерлерге арналган 10 семинар өткөрдүк.
Бул АБРдин долбоору үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын ортосунда бүтөт. Бирок биздин ишибиз токтоп калбайт. Анда ары ар бир аймактагы “Кепилдик фонддун” өкүлдөрү ишкерлерге семинарларды өткөрүп, ишти алдыга жылдырып кете беришет.
Экономика министринин ар бир аймакта ишкана ачуу боюнча талабы бар. Эң негизгиси өндүрүш ишканалары болсо абдан жакшы болмок. Себеби андай ишканалар ачылса жумуш орундары түзүлүп, айлык алышмак жана жергиликтүү казынага каражат түшмөк. Биз учурда “Бир район – бир ишкана” деген долбоорду түзүп, аны ишке ашырып жатабыз.
“Бир район – бир ишкана” деген долбоор тууралуу кеңири айтып берсеңиз?
“Бир район – бир ишкана” долбоору аркылуу үч ишкана ачууга көмөк көрсөттүк.
-
- Иштеп жаткан ишкананын жаңы тармагын ачканга колдоо көрсөтөбүз. Мисалы,”Аква мастер” компаниясы сок жана сууну сатат. Алар бизге “макарон чыгарат элем” деп кайрылды. Биз ага кепилдик берип, жетишээрлик суммада насыя алды. Эми макарон чыгарганга цех ачканы жатат. Бизге макарондун түрлөрү Орусия, Казакстандан импорттолуп келет. Эми Кыргызстанда дагы чыкса конкуренция пайда болуп, сапаты жакшырып, баасы төмөндөйт.
- Караколдо 20-орундуу мейманкана 2017-жылдын 1-октябрында ачылды. Муну менен “Инновация жана өнүгүү” ЖЧК келген туристтер үчүн ыңгайлуулукту жаратууда. Анткени Караколдо лыжа базасы абдан өнүккөн. Бул ишканага кышкысын жакшы киреше түшөт.
- “Кыргыз корм” деген компания бар. Ал малга, балыкка жана канатууларга жемдерди чыгарып сатчу. Аталган компания бизге кайрылды, “мен асыл тукум чочко багат элем, насыя алганга мага кепилдик бергиле” деп. Анын бизнес планын карап, “Азия Банкы” биз берген кепилдик менен насыя берип, Чехиядан 105 баш асыл тукум чочколорду алып келген. Чехиядан алынып келген чочколордун өзгөчөлүгү көп май бербей, эти көбүрөөк болот. Ошондой эле, ал жергиликтүү чочколорго караганда азыраак тамактанып, чыгым аз кетет да кирешеси жогору болот. Учурда ал чочколордун саны миңден ашты. Эми мындан ары мал союучу жай ачып, ХАССПты киргизип, Кытайга экпорттоого даярдоодобуз.
Алдыда ишке аша турган пландар кайсылар?
Мындан тышкары “Кепилдик фонд” да капиталды көбөйтүп, ишкерлерге жардам бергенге аракет кылууда. Бүгүнкү күндө 11 миллион 400 миң сом таза киреше алдык. Негизи биздин планыбыз жылдын аягына чейин 8,5 миллион сом болчу. Таза киреше боюнча 134% түзүп, планды ашыгы менен аткардык.
Дагы бир ишке аша турган иш, азыркы күндө биздин уйлар сүттү аз берет. Ошондуктан күнүнө 20 литрден сүт берген асыл тукум уйларды фермерлерге алып берели деп жатабыз. Каалагандар өз акчалары менен алат, эгерде акчалары жетишпесе фонд кепилдик берет, насыя алса болот. Ысык-Көлдө “Дүйнөлүк банк”, “Эл аралык финансылык корпорация” деген уюмдар бар, Чуй облусунда JICA ушул тармакта иштейт. Алар сүт тармагына жардам берүү программасын ачкан. Эми алар менен биргеликте 500 же 1000 чукул асыл тукум уйларды сатып келели деп пландап жатабыз. Ал уйлар талаага чыгарылбайт, ордунан жем, чөбү берилет. Эгерде талаага коё берсек, жеген азыгынын баардыгы басканына кетип, биздин уйлардай эле сүт берип калат. Ошондуктан интенсивдүү мал чарбачылыгына өтүшүбүз керек. Азыркы биздин мал чарбачылык экстенсивдүү болууда. Ал эми биздин чарба сүттү көп берген асыл тукум уйларга өтсө экспортко чыгууга көлөм да жетмек. Негизинен уйларды Европадан же Россиядан алып келебиз. Европада бир уйдун баасы 230 миң сом болсо, Россияда 170 миңди түзөт. Биз 5 же 10 баш уй албайбыз, алсак 500 же 1000 баш уй алабыз да баасын төмөндөтөбүз. Алып келген уйларды сөзсүз түрдө чет жактын тажрыйбалуу ветеринарларына текшертебиз. Алар бир келип баардык уйларды текшерип кетет. Мындай кадамдар менен операциялык чыгымдар төмөн болот.
Маалымат үчүн:
“Кепилдик фонд” АКК кепилдиктин көлөмүн 2017-жылдын 18-сентябрынан баштап жогорулатты. Буга чейин ишкерлерге 7 млн сомго чейин кепилдик берип келсек, бүгүнкү күндө 10 млн сомго чейин көтөрдүк. Эми ишкерлер 10 млн сомго чейин кепилдик ала алышат. Ушул учурга чейин 160 кепилдик берилди. Бирок бир дагы берилген кепилдик боюнча көйгөй болгон жок. Мындан ары дагы көйгөй жаралбайт деген ишеним менен 7 миллиондон 10 млн сомго чейин көтөрдүк.
Ишкерлер үчүн дагы бир жакшы жаңылык, бул айыл чарба тармагына, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана баардык эле өнөр жай тармагына берилген кепилдик комиссия 2.5% болсо, азыр 2%ге түштү.
Наргиза Өмүрбек кызы