• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жашоо сырын єздєштїргєн Эгемберди

10173643_10200778944755736_8936764419814272555_n

👁 2,331

Бїгїнкї кїндє бардыгына єз кесепетин тийгизип жаткан кризис менен эч кимди таў калтыра албайсыў. Мындай кырдаалда кантип жашап кетїї керек, кантип жумуш табуу зарыл, келечек барбы деген тїйшєлткєн суроолорду ар ким єзїнє берет. Бирок ар бири эле жооп таба албайт. Бирок кандай кырдаал болбосун жоол таап, пландарды тїзїп жашаган адамдар бар.

Ошондой адамдардын бири, жаш ишкер Эгемберди бизде конокто.

Эгемберди экєєбїз 3 жылдан бери таанышпыз. Ушул убакытта ал мени алдыга умтулууга болгон энергиясы, каалоосу менен мени таў калтырып келет. Жакында аны менен кайрадан жолугуп калдым. Жолугушууда ал мага єзїнїн жашоосунда болгон єзгєрїїлєр жєнїндє айтып берди.

Жашоом жакшы. Їч жылда кєп єзгєрїїлєр болду. Таластан Кара-Балтага кєчїп келип, чарбачылык менен алек болуп жатам. Кыздуу дагы болуп, кубанып жїрєм. Жумуш издєє ар бирибиздин башыбыздан єткєн. Мен дагы эл сыяктуу кєп жыл жумуш издєє менен алек болдум. Эмне жумушта гана иштебедим. 5 жыл мурун їйлєндїм. Ошол жылдары иштеп келїї їчїн Москва шаарына да кеттим. Куруучу катары мага короо шыпыруу кызыксыз болду. Анын їстїнє эч кандай билимим да, тажрыйбам да жок эле. Болгону спорт интернатында окугам. Эмне иш колуман келсе иштеп, жан багууну туура кєрдїм. Клубга барып машыгып, рингге чыгып, Москванын чемпиону болдум. Ал арада келинчегимди кезиктирип, їйлєндїм. Бир канча убактан кийин мыйзам боюнча маселелер жаралып, мекениме кайтууга туура келди.

Же дипломдон жок, же кесиптен жок, мушташууну гана билген менин бул жерде кимге керегим бар эле?

Менин апам аябай кїчтїї аял. Ал тєртєєбїздї єзї жалгыз багып чоўойтту. Москвадан Кыргызстанга келинчегим экєєбїз келип, Бишкекте батирде бир аз убакыт жашадык. Кыш келгенде Таласка апамдын жанына кетип калдык. Айылда деле иш жок, бекерчилик. Ал убакта бизде Бакай-Атада кытайлыктар кен казуу иштери менен алек болуп жатышкан. Жергиликтїї эл алардын ишине каршы болуп, кубалап жиберишкен. Андан кийин башка компания келди. Мен ал жакка кароолчу болуп ишке орноштум. Жумуш жакшы, таза, айлык акы убагында берилет.

Бирок мен эмнегедир башка нерсени каалап туруп алдым. Ал убакта келинчегим дагы бир кыздуу болорубузду айтты. Ошол кезде келинчегим жумуштан такыр бошобосумду айтып, нааразычылыгын билдирди. Бирок чынында анын мойнуна їйдїн тїйшїгї кєп тїшїп калар эле. Шаардык кыз болсо да уй сааганды їйрєндї. Їйдїн тїйшїгї оор болуп жатканын мен деле байкачумун, бирок иштен бошобой, кол кабыш кыла алчу эмесмин. Ал буга чыдай албай кетип калды.

Мен аны кїнєєлєбєйм, жашоо ушундай экен.

Кредитибиз бар эле, аны да тєлєєгє туура келди. Унаа тетиктерин сатуучу дїкєн ачууну ойлонуп кєрдїм. Бирок менде акча жетишпейт болчу. Келинчегим Москвага барып, сулуулук салонунда иштей баштаптыр. Мен ага кїн сайын телефон чалып, їйгє келишин суранчумун. Ал ага кєнбєгєндїктєн, мен анын аркасынан барып, 2 ай Москвада жашадым. Биз элдешип, кайрадан чогуу Кыргызстанга келдик. Биригип Ош базарынан соода тїйїнїн ачтык. Тамак-аш саттык. Жумуш жакшы эле болуп жатты, бирок шаарда жашоо бир топ кымбат экен. Анын їстїнє келинчегим дагы кош бойлуу болуп калды.

Бишкектен мени сетевый маркетингге ишке чакырышты. Бирок мага бирєєнїн товарын сатуу эмес, єндїрїї кызыктуу болорун сездим.

Колледжге сырттан окууга тапшырып коюп, алып сатуу иштери менен алек болуп жаттым. Бирок бул дагы биздин маселени чечкен жок. Апамдын жїрєгї ооруп, аялым жакын арада кєз жарат деген убак эле. Таласта 2 гектар жерибиз бар болчу. Ага фасоль айдачубуз. Бирок акыркы жылдары фасоль баа болбой ал ишти токтотуп койгонбуз.

Ошентип кайрадан бактымды сынап кєрєйїн деген ой менен Бишкекке келдим. Банктардын биринен Арзымат менен таанышып калдым. Ал дагы єз ишин ачуу максатында кредит алуу їчїн банкка келген экен. Биз таанышып, сїйлєшє кеттик. Ал Кара-Балтада жашайт экен. Ал дагы мен сыяктуу тагдырды башынан кечирген экен. Ал башка жакка чыкпай, єз єлкєўдє эле жан сактоо мїмкїн экенин айтып, менин конок болуп кетїїмдї суранды. Мен аныкына конокко барып, бир топ бош жерлер бар экенин кєрдїм.

Кєп ойлонбой Таласка барып, їй-бїлєм менен кеўешип, кєчїп кетїїгє камына баштадым.

Таластагы їйїбїздї сатып, Кара-Балтадан жаўы, жакшынакай їй сатып алдык. Андан кийин Арзымат экєєбїз 40 гектар жерди кєп жылга ижарага алып, арпа-буудай менен иштєєнї максат кылдык.Фермерлерди колдогон эл аралык программа бар экенин угуп, алар менен байланыштык. Арпа, буудайдын жогорку сорттогу тїшїмїн алуу їчїн алардын программасына кирїїнї туура кєрдїк. Мындан сырткары чеснок менен жана кїнєскана менен иштейли дедик. Кїнєсканага бадыраў жана жашылча чєптєрїн айдамай болду.

Бир эле жер тилкеси менен чектелип калган жокпуз. Їйдї сатууда бир аз калган акчага бир канча уй сатып алдым. Алардын бир канчасы эт багытында болсо, бир канчасы сїт багытында эле. Койлорду сатып алдык. Бирок эмдєє жїргїзбєгєндїктєн койлорубуз ооруп калды. Буга сарсанаа тарткан биз мал доктурду чакырдык. Бирок Кудайга шїгїр баары жакшы болуп кетти.

Мен азыр жашоону башкача кєз караш менен карап калдым. Жашым 27ге келди. Алма быш, оозума тїш деген сыяктуу ойлонуштурулган жашоодо жашабайм. Качан боорукер адамдар жардам берет дебейм. Мен реалистмин, жашоо кыйынчылыкка, тоскоолдуктарга толтура экенин билем.

Мен чоў ишкер болуп кетээримди билбейм. Бирок чакан ишимди єнїктїрїї їчїн болгон кїч-аракетимди жумшаарымды билем.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости