• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кенекеев: Кыргызстан менен Тажикстандагы соода жүгүртүүнүн расмий статистикасы учурдагы мүмкүндүктөрүн чагылдырбайт

photo_2018-03-19_18-10-11

👁 713

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев 19-мартта, эки тараптык суроолорду комплекстүү түрдө кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында Дүйшөмбү шаарында Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 1–2 февралында Тажикстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.

Кохир Расулзода эки мамлекет соода-экономикалык алакаларын өнүктүрүүсү жана бекемдеши керектигин баса белгилеп кетти.

«Азыркы тапта соода жүгүртүүнүн расмий статистикасы эки өлкө ортосундагы учурдагы мүмкүндүктөрүн чагылдырбайт. Буга байланыштуу тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарын кеңейтиши керек. Өзгөчө экономика, транспорт, энергетика жана айыл чарба жаатындагы эки тараптык кызматташтыкты активдештирүүгө көңүл буруу керек», – деди ал.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев кыргыз тарап соода-экономикалык жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, бардык тармактар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүү, соода жүргүзүү жана товарларды ташуу үчүн алгылыктуу жана өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө кызыктар. Ушуну эске алуу менен биз буга чейин мамлекет башчылары ортосунда жетишилген макулдашууларды сапаттуу жана өз учурунда аткаруу боюнча бардык чараларды көрөбүз»- деди Дайыр Кенекеев

Аны менен катар жолугушуунун катышуучулары суу-энергетикалык жааттагы кызматташтык боюнча маселелерди талкуулашты.

«Биздин өлкөлөр суу-энергетикалык жаатында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы электр энергияга болгон чоң талапты эске алуу менен тараптар бул маселе боюнча өз ара пайдалуу негизде кызматташуусу зарыл», – деди Премьер-министр Кохир Расулзода.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен алдыга коюлган маселелерди чечүү үчүн консультацияларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тажик тарап Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган Эл аралык театралдык фестивалга катыша тургандыгын ырастады.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости