Эл өкүлдөрү Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”) мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү экинчи окууда жактырды.
Жаңы документке ылайык, эми өзгөчө баалуу айыл-чарба жерлеринен жана өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарынын жерлеринен сырткары кен байлыктар бар жерлер кен казуучуларга трансформациясыз эле берилет.
Жер тилкелери кен казуучуларга убактылуу колдонууга кийин милдеттүү түрдө калыбына келтирүү талабы менен берилет.
Айыл-чарба жана токой фондусуна тиешелүү болгон жерлер эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте тастыктаган документтер берилгенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт.
Эми жер тилкеси жайгашкан жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органынын, шаар мэриясынын макулдугу менен район администрациясы төмөнкүдөй мүмкүнчүлүккө ээ болот:
1) аз баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жердин башка категориясына которот, айыл чарба жерлеринин тең баалуу түрлөрүн – бир түрүнөн экинчи түрүнө которот;
2) калктуу пункттардын жерлерин жердин башка категорияларына өткөрөт;
3) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жер тилкелерин жана өзгөчө кайтарылган табигый аймактарды башка категорияларга өткөрүү чечим түрүндө которууга макулдук берет жана аны бекитилген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.