• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кен байлык чыккан жерде кирешенин 2%ы аймактын керектөөлөрүнө жумшалууга тийиш

👁 575

Депутат Руслан Казакбаев Нарын областындагы райондордун акимдеринен региондорду өнүктүрүүнүн алкагындагы пландарын талап кылып, алардын аткарылышына көзөмөлдүктү күчөтүшүбүз керек, — дейт 22-июнда “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын Нарын областында өткөн көчмө жыйында.

Депутат ошондой эле чет элдик инвестиция келмейинче ички инвестицияга таянып ишти жетиштүү деңгээлге жеткире албайбыз, — деди.

“Жайлоо балдар бакчасы” эң көп ачылган аймак дагы Нарын областы. Бул тууралуу жасалып жаткан жакшы иштер да тааныштырылды.

Регионду өнүктүрүү жолдорун талкуулаган фракция жыйынында жергиликтүү эл мектеп, ФАП курулуштары, жол салуудагы көйгөйлөр менен көпүрөлөрдүн таландыга түшкөн абалын айтышты. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын багып олтурган энелердин оор турмушу да көз жаздымда калган жок.

Көчмө жыйындын чечими менен тааныштырган фракция лидери Жыргалбек Турускулов, — түндүк – түштүк жолунун 3-фазасы башталбай жаткандыгы такталсын деп өкмөткө тапшырма берилгендигин айтты. Чакан, орто ишкердиктерди колдоо, инвестиция тартуу, иш орундарын түзүүдө жеңилдетилген каржылоо иштери банк тармагына табышталарын билдирди. Соң – Көл көлүнүн аймагын экологиялык жактан текшерүү иштери жандандырылсын, — деген пункттар фракция чечимине кошумчаланды. Кен байлык чыккан жерде кирешенин 2%ы аймактын керектөөлөрүнө жумшалсын деген сунуштар да чечимде камтылды.

Фракциянын көчмө жыйынына депутаттар Руслан Казакбаев, Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев, Акылбек Жамангулов, Алиярбек Абжалиев, Тариэл Жоробеков, Абдыбек Дюшалиев, Марлен Маматалиев, Калдарбек Баймуратов, Айбек Алтынбеков катышты.
Ошондой эле иш чарага аталган Нарын областынын активдери, ишкер коомчулуктун өкүлдөрү, эксперттер келишкен.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости