Бул тарых 2012-жылы июнда КРнын президенти А. Атамбаевдин КЭРге жасаган расмий иш сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыктын жаңы этабы тууралуу Биргелешкен декларацияга кол коюлган учурда эле башталган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзгөчө көңүл соода-экономикалык мамилелерге, Кытайдан ири салымдарды тартууга бурулган.
Мисалы, 2016-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 823 млн. АКШ долларынан ашкан. КРнын аймагында азыр 400дөн ашык кытайлык жана биргелешкен ишканалар иштейт.
Ошентип Пекинге жасалган иш сапардын алкагында Кыргызстандагы эң ири цемент завод курууну баштоо тууралуу келишимге жетишилген. Болгондо да техникалык, технологиялык жана экологиялык нормативдерди сактоо тууралуу баардык эл аралык стандарттарды эске алып.
КЭРдин Улуттук статистикалык бюросунун маалыматына ылайык, Кытайдын цемент өндүрүшү жогорку технологиялык цемент өндүрүшү боюнча долбоорлоо жана курулуш иштеринде дүйнөлүк лидер болуп саналат.
Ошол иш сапардан кийин Пекинде жетишилген келишимди практикалык ишке ашыруу да башталган.
КРнын вице-премьер-министринин 2014-жылдын 28-октябрындагы тапшырмасын (№15–38184) аткаруу үчүн Кемин районундагы заводдун курулушуна тиешелүү керек документтерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, бул документтерди мамлекеттик органдардан экспертизадан өткөрүү иштери башталган.
Бул топтун курамына КЭРдин инвестициялык компаниясынын, КРнын өкмөт аппаратынын, профилдик ведомстволордун, анын ичинде Энергетика жана өнөржай министрлигинин, тиешелүү агенттиктердин, кызматтар жана инспекциялардын өкүлдөрү киришкен.
Завод эң жогорку стандарттарга жооп берген – өндүрүштүк бөлүнүп чыгуулар нормативдик көрсөткүчтөн 2,5 эсе төмөн. Натыйжада Мамлекеттик экологиялык экспертизанын Кемин заводунан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын оң тыянагы алынган.
Мисалы, ушундай эле жабдыкты колдонгон ишкана Франциянын курорттук жээгинен болгону 20 км. алыстагны Марселдин тегерегинде да бар.
Ошентип 2014-жылдын күзүндө Кемин районунда болочок заводдун жерпайын куюу иш чарасы болду. Акцияга КРнын өкүлдөрү катышып, капсуланы ошол учурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өзү куйган.
Жаңы ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 1 млн. 200 миң тонна цементти түзөт. Биздин республиканын эксперттери бул рынокто олуттуу атаандаштыкты түзүп, Кыргызстанда тездик менен өнүгүп жаткан курулуш тармагын жыл сайын ббасы 18–20%га кымбаттап жаткан учурда арзан цемент менен камсыз кыларын белгилешкен.
Заводдо эмгектин өндүрүмдүүлүгүн дээрлик төрт эсеге, ал эми энергонатыйжалуулукту – 2 эсеге жогорулатууга шарт түзгөн технологияларды колдонуу каралган. Мисалы, чаңды соруунун натыйжалуулугунун көрсөткүчү рекорддук 99%ды түзгөн немец (ThyssenKrupp AG компаниясы) жана япон технологиялары заводко жеткирилмек.
Айта турган жагдай, жогоруда айтылган жогорку өндүрүштүк кубаттуулуктагы жабдыктар Европа, Сауд Аравиясы, Вьетнам, Нигерия, Ангола, Танзания, Камерун, Замбия жана башка өлкөлөрдүн аймактарына 3000ден ашык долбоорлор курулган.
Экономисттердин эсеби Кеминге заводдун курулушу жана ишке кирүүсү Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине жыл сайын 13–15 млн. АКШ доолары өлчөмүндө киреше түшүрүрүн көрсөткөн.
Мындан тышкары цемент заводдун күнүмдүк керектөөсү үчүн сатып алуулар жергиликтүү элден алынмак.
Мындан тышкары негизги өндүрүштө 500дөн ашык жумушчу орунду түзүү, ал эми келечекте дагы башка долбоорлорду ачууну эске алганда дагы 1 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылса болот эле. Бул жергиликтүү элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга оң таасир бермек.
Мындай ири өндүрүштүн ачылышы жалпысынан Кемин районунун инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзүп, жаңы жолдор, социалдык объекттер жана башка мекемелер пайда болот эле.
Тилекке каршы, бул үмүт акталган жок…
2015-жылы августта жагымсыз сенсация болду. Цемент заводдун пландаштырылган ачылышына болгону үч ай калганда объекттин курулушу күтүлбөгөн жагдайда… токтотулду.
Баарынан да КРнын Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын билдирүүсүндө, «КРнын шаар куру жана архитектура тууралуу» Мыйзамын бузуп, долбоордук документтердин мамлекеттик экспертизасы жок өз алдынча жүргүзүлгөн экен.
Бирок эксперттер ошол замат эле бул мекеменин маалыматынын чындыгынан шек санашкан. Демек, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы салтанаттуу жер пайды куюу, көп миллиондогон инвестициялар, экономисттердин эсеби, экологиялык коопсуздук тууралуу текшерилген документтер жана башкалар – бул жөн эле көз боёмочулук болуп калды?!
Анда эмнеге эреже бузуулар чын эле болсо, аларды башында эле билишкен эмес? Кантип бир жыл курулуш иштери жалпы республиканын көзүнчө жандуу жүрүп эле анан кокустан бул чоң процесс мыйзамсыз болуп калды?
Эмнеге башында цемент завод менен 500 кВ «Кемин» көмөкчордонунун жакындыгын эске алышкан эмес жана чындап эле ишканадан бөлүнүп чыккан заттар чубалгыларга зыян келтиреби? Жалаң суроо артынан суроолор…
КасымЖороев.