Транспорт жана жолдор министрлиги 10 күн аралыгында жарандык авиация тармагындагы кемчиликтерди жоюу жана авиажүргүнчүлөр менен иштеген тармактын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуш даярдашы керек. Мындай тапшырманы Премьер-министр Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго берди.
“Былтыркы жылга салыштырмалуу авиажүргүнчүлөрдүн саны 21% өстү. Ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн саны 50% ал эми сырттан келген чет элдик жүргүнчүлөрдүн саны 15% жогорулады. Бул тармактагы оңдуу өсүү динамикасына карабастан жарандык авиация тармагында тейлөө көрсөтүүнүн сапаты начар бойдон калууда. Авиа ташуу рыногу бир нече жеке адамдардын колуна өтүп, алар мындан пайдаланып, өздөрүнүн шарттарын коюуда. Бул жерде ички каттамдарды тейлеген бир нече авиакомпаниялар тууралуу сөз болуп жатат. Алар рынокту монополияга айландырып, жасалма жол менен бааны көтөрүп жатышат. Дайыма жергиликтүү рынокто жаңы каттамдарды ачып турган альтернативдүү авиакомпаниялар менен иш алып баруу керек. Алардын иштеши өлкөнүн алыскы аймактарындагы тургундар үчүн абдан маанилүү», – деди өкмөт башчы.
Премьер-министр мамлекеттик органдардын өлкөнүн аэропортторунда макулдашылбаган ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.
«Аэропортто бардык кызматтар менен ведомстволор жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн биргеликте иш алып барышы керек. Бизде абал башкача. Бишкек Ош шаарларындагы аэропортто чек ара жана бажы кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн нааразычылыктары көп айтылууда. Тейлөө кызматынын төмөн экендигинен сырткары жарандар паспорттук текшерүү үчүн узакка күткөн кезекте турууга аргасыз болууда. Мындай болбошу керек. Бул жүргүнчүлөргө ынгайсыздыкты жаратып, чет элден келген жарандардын көзүнө терс таасир калтырууда. Бардык каттамдардын жүргүнчүлөрү керектүү текшерүүлөрдөн кыска убакыт аралыгында өтүп, өз багыты боюнча ыңгайлуу жетүүгө шарт түзүлүшү керек. Жакында эле жүргүнчүлөр «Манас» аэропортунда бир нече каттамдар бирдей убакытта келип калгандыгына байланыштуу узакка созулган кезек күтүүлөр болгонун айтып, чек ара өткөрүү пунктуна нааразылыгын билдиришкен”, – деди Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы авиакомпаниялар ички каттамдарды аткарууда мамлекеттен аэропоттук жана аэронавигациялык шарттарга 50% өлчөмүндө жеңилдик алышарын эскертти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык, учуулар 4 саатка жакын убакытка кармалганда авиаташуучу жүргүнчүлөргө сергитүүчү суусундуктарды жана акысыз тамак-аш берүүгө милдеттүү. Бирок жүргүнчүлөр белгилегендей, бул эрежелер аткарылбаган учурлар болот.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевге кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялады. Транспорт жана жолдор министрлигине 10 күндүк мөөнөттө жарандык авиация тармагындагы кемчиликтерди жоюу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.