Илимий топтордун пикиринде, бул маселени чечүүдө вертикалдуу чарбалар жардамга келет. Бир нече өлкөлөрдө пилоттук долбоорлор ишке киргизилген.
Мисалы бельгиялык ишкерлер сыя түстүн алдында өсүмдүк өстүрүү боюнча автоматташтырылган системаны иштеп чыгышкан. Өсүмдүктөр жерге караганда аз бактериялар бар жана пестициддер колдонулбаган субстраттарга жайгаштырылган. Азыктандыруучу заттар жана витаминдер суу менен келет.
Система сууну үнөмдөп колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Латукту 30 чарчы метр жерде өстүрүү үчүн 5% суу керек.
Мындай чарбалардын дагы бир жакшы дагы сатып алуучулар өздөрү түшүмдү чогултушат. Индияда болсо вертикалдуу чарбада пахта өстүрүү боюнча эксперимент жүрүүдө.
Швецияда болсо 16 кабаттан турган чарбанын долбоорун сунушташкан. Неми супермаркеттеринде жана ресторандарында мини-чарбалар коюлган, ал жерде кардарлар өздөрүнө жаккан жашылча-жемиштерди тандап буйрутма берсе болот.
2017-жылы Японияда дүйнөдөгү биринчи вертикалдуу чарба ачылат, ал жакта бардык иштерди роботтор аткармакчы.
Кыргызстандагы тоолуу аймактарда айдоо жерлери аз болгондуктан бул өлкөлөрдөн сабак алса болот.