• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кегети айылы – Кыргызстандагы атактуулардын мекени

2v2a1046

👁 2,798

Бишкектен Кант жана Токмок шаарлары аркылуу кетип бара жатканда Дөн-Арык айылынан, “Бурана” мунарасынан өткөн соң Чүй облусунун Кегети айылына туш болосуң.

Кегети айылы Кегети капчыгайына кире бериш жерде жайгашкан, солго бурулуп, көпүрөдөн өтөрүң менен аталган айылга жетесиң.

“Кегети деген сөз эмнени түшүндүрөт?”-деп жергиликтүү тургундарга суроо салдым. Баардыгы абдан меймандос адамдар экен, ошондой эле орус тилин мыкты билишерин байкадым. “Сиз азыр байыркы көчмөндөрдүн изи менен кетип бара жатканыңызды билесизби? Ооба, ооба дал ушул биздин айыл аркылуу Чүй облусуна Кербенден Улуу Жибек жолу өтчү. Совет доорунда Кегети капчыгайынан Кочкорго чейин жол бар болчу. Бирок азыр жада калса жайында дагы бара албайсың, себеби жол каралбай калып, сел жууп кеткен. Кегетиден Суусамырга барса болот. Бул жер аркылуу Манас өтүп, салгылашуудан кийин эс алчу экен. Анын жанында Кенгенты деген ишенимдүү жоокери болуптур. Анын атын жергиликтүү тургундар жаттап калып, бул жерди Кегети атап алышыптыр. Мага бул тууралуу чоң атам айтып берген”,-деди айыл тургуну Алмадай Эстебесова.
“Менин чоң апам болсо өзүнүн чоң апасынан укканын айтып берген. Биздин айылдагы тоо Улуу жибек жолу учурунда кароол дөбө сыяктуу болгон экен. Ал жакка жоокерлер чыгып, айланага көз чаптырып турушчу экен. Ал тоо азыркыга чейин Кароол-Дөбө аталып калган. Ал алыс эмес жайгашкан Буранага жакшы көрүнүп турчу экен. Ал жактан жолдо келе жаткан кербендерге факел жагуу менен тоногучтар тууралуу маалымат берип турушкан. Башкача айтканда, Бурана мунарасы ошол маалда азыркыдан эки эсе бийик болуп, белги берүүчү жер болуптур. Азыркыга чейин эле тоо этектеринде зындандарды көрүүгө болот. Албетте алар тарыхый баалуулукка ээ болбой калган, бирок азыркы адамдарга тарыхта бир топ орчундуу учурлар болгонун эстетип турат”,-дейт Кегетинин тургуну Мадина Бексултанова.

Балким тарых таасир бергенби, айтор бул айылдан чыккан таланттуулар абдан көп. Өмүралы Исаев атындагы мектепке киргенде ал жакта кызыктуу музей бар экенине күбө болосуң. Ал жерде Өмүралы Исаев колдонгон буюмдар, кийимдери, металл жана керамика идиштер, тыйындар бар.

“Бул буюмдарды биздин окуучулар бул жердеги үйлөрдүн короолорунан табышкан. Бул артефакттар көптөн кадимки көрүнүшкө айланган. Ошондой эле биз айылыбыздан чыккан атактуулар менен сыймыктанабыз”,-деди Тамара Чечембаева. Баса, анын апасы Жайнеке Турусбекова мектепте биология кабинетин түзүп, методикалык жана окуу куралдарын түзүп, республикага таанымал болгон.

Сүрөттөрдүн алдындагы ысымдарды окуп жатып өтө таң калдым. Бул жерде драматург Насридин Байтемиров, элдик мугалим Абдрахманова Самиля, академик Султан Мамбеткалиев, филолог Курманбек Абакиров, Синьцзян педагогикалык университетинин профессору, Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин ректору Искендер Исамидинов, Чүй университетинин негиздөөчүсү Султан Мамбеткалиев, КРдагы журналистика факультетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Мукай Сасыкулов, Элдик билим берүү министринин мурдагы биринчи орун басары Акматбек Жаманбаев, композитор Сталбек Бактыгулов, СССРдин спорт чеберин алгачкылардан болуп алган Тобокел Мамыров, спортсмен-дзюдоист «афганчы» Асан Кыдыралиев, дзюдоист Азамат Асакеев учурдагы Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров, экс- депутат, ЖКнын мурдагы төрагасы Муратбек Мукашев жана башка көптөгөн белгилүү адамдар чыккан.

Кегетиде төрөлгөндөрдүн баары айылынын жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө көп салым кошушкан. Аларды санап отурса сап жетпес. Эң башкысы кегетиликтердин мекенчилдиги.

“Мен 35 жылдан бери жергиликтүү мектепте директор болуп иштейм, бирок мугалимдик кесипке ээ болгондор бош жумуш орун издеп биздин мектепке кезекке тургандай кезекке турушканын көрө элекмин. Көпчүлүк мектептерде мугалимдер тартыш экенин угасың, ал эми бизге болсо борбордон бери келип иштешет”,-деди Акжолтой Сатыбалдиева.

Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин бүтүрүүчүсү, мурдагы графикалык дизайнер Алмадай Эстебесова Бишкекте иштеп жүрүп Ивановкага көчүп келип геологиялык экспедицияда эсепчи болуп иштечү. Бирок анын үй-бүлөсү туулган айылы Кегетиге көчүп келишкен. “Өз өлкөңдү сүйүп, анын өнүгүүсүнө өз салымыңды кошуу керек. Менин жолдошум Бектур Ташибеков билими боюнча инженер, көптөгөн жылдар бою Москвада логистикалык компанияда иштеп, жакшы акча таап жүрдү. Бирок биздин 2 балабыз бар: 3 жана 6 жашта. Аларды жашынан мекенин сүйүүгө үйрөтүү керек. Биз Кыргызстанда гана бактылуу болуп, өлкөбүздө жүрүп гана аны өнүктүрө алабыз ”,-деди Алмадай менин эмнеге айылга келдиңер деген суроомо.

Кегетиликтер бири-биринин жети атасына чейин билишет. Алмадай Эстебесовага үй чоң апасынан калган. Ал эми жаңы келген адам бул жерден оңой менен турак-жай таба албайт, себеби эч ким ата-журтунан алыс кетпейт.

Учурда Кегети айылынын тургундарынын көбү айыл-чарбасы менен жан багып келишет: малга тоют үчүн жүгөрү айдашат. Ар бир үйдө, бул жерде 600 түтүн бар 2–3 уй, 2–3 бука жана байланып жаткан жылкылар бар. Ошондуктан тоютту кенен камдап алуулары керек. Ашканын болсо Токмоктогу базарга сатышат. Өздөрү жеш үчүн картошка дагы өстүрүшөт. Бул айылды тоолор курчап тургандыктан жашылча оңой менен өсө бербейт.

Карылар бул жерде совет доорунда “Кегети” деп аталган бай колхоз болгонун айтышат. Учурда болсо “Кегети” АКсы түзүлгөн. Комбайндар, тракторлор, бастырмалар сакталып калган. Тилекке каршы, уйлар көп болгону менен сүттү кайра иштетүү колго алынган эмес. Сүттү чогултушуп Рот Фронт айылына алып барышат.

Кышында көпчүлүк Бишкекке барып иштешет. Бул жерден маал маалы менен маршрутка жүрөт. Бишкектен каалоочулар келип 2 кабат бала бакчасын 1920-жылы эле курулган 600 орундуу мектебин анын ичиндеги музейди, көрүшсө болот. Андан соң жакын жайгашкан капчыгайга да барып, сулуулукка суктанып кетсе болот.

Мурда бул жерде 2 пионерлер лагери иштеп турган экен, бирок кийин жабылып калыптыр. Кегети айылынын айланасы археологиялык тарыхы менен кызыктуу. Учурда туристтерди турфирмалар автобустар менен алып келишип 35 метрге созулган Кегети шаркыратмасын көрсөтүп кетишет. Жергиликтүү тургундардын бири, Абакировдордун үй бүлөсү кымыз менен дарылоо ишин колго алышкан. Алардын 2 кабаттуу үйү бар жана кардарларга жашаганга жер даяр. Дайында болсо эшиктин алдына боз үй тигишет.

Жубайлар Алмадай Эстебесова жана Бектур Ташибеков бул жерде туризм тармагын өнүктүрүү тууралуу ойлонуп жатышкан кези. Туристтерди Кымыз менен дарылоо, Бурана комплексине сейил уюштуруу, Кегети капчыгайындагы шаркыратмага алпаруу, Кел-Төр көлүнө алпаруу, Куш-Конок жана Кызыл-Белес токоюна алпаруу андан соң Кара-Үңкүр үнкүрүнө алпаруу алардын кыялы. Ошондой эле коңшу жайгашкан Туюк жана Карагай-Булак капчыгайларына ат минип сейилдесе болот.

Бул тууралуу Эмирлан Саткангулов жубайы экөө дагы ойлонушкан. Туризм бул жерде бизнестин алтын булагы болуп бермек. Муну кегетиликтер түшүнгөн, маселе каражатка барып такалат. Мейманкана курууга каражат керек. Баарынын үмүтү 10 пайыз үстөк менен насыя берчү Айыл-банкта. Себеби Кегети айылы жеңилдетип насыя берүү программасына кирген. Бирок бул насыялар жер иштеткендерге, мал баккандарга, кайра иштетүү менен алектенгендерге, чакан өндүрүш ачкандарга, кол өнөрчүлөргө гана берилет экен. Кегетиликтер Айыл-банк туркызмат көрсөтүүнү каалагандарга каражат бербей коебу деп кооптонуп турушкан кездери.

Кегети айылы биздин эл тарыхка баш багып, каада-салтты унутпай жүрүшкөнүнүн үлгүсү. Ички дүйнөсү өнүккөн адамдар – бул өлкөнүн байлыгы эмей эмне?!

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости