• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кажы-Сайдын экинчи жашоосу

1

👁 1,953

Кажы-Сай айылы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан. Ал 1947-жылы ошол аймакта 600 метр тереңдикте уран бар экени белгилүү болгон соң Лаврентий Бериянын буйругу менен түзүлгөн.

Ошол учурда атом бомбасын чыгаруу үчүн СССРдин бардык аймактарында уран бар жерлерди изилдеп башташкан.

Бирок бул жердеги кендин радиоактивдүү элементтери аз болгондуктан аны казып алуу 60-жылдары токтотулган. Калк болсо көмүр казуу менен жана 1995-жылы ишин токтоткон эксперименталдык электротехникалык өндүрүш менен алек боло баштаган.

Кажы-Сай айылынын жашоочуларында жумушсуздук көбөйүп, натыйжада алар коңшу өлкөлөргө кетишкен, 28 миңден калган 4 миңге жакын кажы-сайлыктар кичи мекенинде гана эмес, бүткүл өлкө боюнча иш издөөгө мажбур болушкан.

Орусия уран калдыктарын сактоочу жайларга жакын жайгашкан калктуу конуштарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн грант бөлгөн.

Жергиликтүү айыл аймагынын катчысы Чынара Байгазиеванын айтымында, жакында эле Кажы-Сайда элдерди нан жана ундан жасалган таттуулар менен камсыз кылуу кыйынчылык жаратчу. Аларды жумасына бир жолу район борборлорунан алып келүүгө аргасыз болушчу. Азык көгөрүп, санитардык-эпидемиологиялык стандартка жооп бербей калчу. Бирок азыр Кажы-Сайда чакан нан бышыруучу жана аны сатуучу жай ачылган. Жашоочулар сапаты жогору болгон жаңы жасалган нандарды сатып алышууда. Күн сайын бул жерде 30 килограмм нан жана ундан жасалган таттуулар чыгарылат.

Дагы бир жакшы жери, туулуп өскөн жерин таштап кетпей, ишкерлик менен алек болгондор да чыга баштады. Жергиликтүү тургун Нурдин Тулунгутов айылга 400 000 сомго сок чыгаруучу цех ачкан жана күнүнө 200 литр сок чыгарылат. Азырынча бул жерде шабдаалы согу гана чыгарылып келет, бирок келечекте алма, алмурут согун чыгаруу планда бар. Мөмөнү жергиликтүү тургундардан алат. Дагы бир ишкер Тилек Осмонкулов гранттык каражаттардын эсебинен айыл-чарба өнүмдөрүн сактоочу жай ачкан, ал жакта 370 куб метрлик 2 муздаткыч бар.

Кажы-Сайда теплица да пайда болгон. Жубайлар Каныбек Аязов менен Бактыгүл Токомбаева өз каражаттарын кошуп, жетпегенин донорлордон алып теплица курушкан, эми алар бадыраң өстүрүшүп, айылдыктарга арзан баада сатышууда. “Жазында болсо теплицага жашылчаларын көчөттөрүн отургузууну көздөп жатабыз ”,-дейт Бактыгүл.

Айылда жеке биогаз жабдуусу да орнотулган.

Учурда Кажы-Сайда модалуу кийимдер тигилет. Бул тууралуу кайрадан ачылган тигүү цехинин жетекчиси Айнагүл Шерметова билдирди. Адамдардын маанайы жакшы болсо, жакшы кийинүүгө да бел байлашат эмеспи.

Коомдогу социалдык абалдын чыңалуусун жазууга жаңы жумушчу орундар гана эмес, оңдоодон өткөн оорукана дагы чоң жардам берди. 1947-жылдан тарта ал жай капиталдык оңдоодон өткөн эмес жана чатырынан 10 жылдан бери суу агып келген. Айыл дүркүрөп өнүгүп турган кезде оорукана көп кызматтарды көрсөтчү: хирургиялык, инфекциялык бөлүмдөр иштечү. Бара-бара бул жерде үй-бүлөлүк дарыгерлерден бир канча доктур гана иштеп калышкан, алар терапевттин, педиатрдын, травматологдун ролун аткарып келишет. Медайым Гүлмира Асаналиеванын айтымында, ал чатырдан аккан сууларды дагара, чакага тосуп алган күндөрү көп эле болгон. Эми бул маселе чечилди. Адамдарда жакшы дарылануу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Жергиликтүү кеңештин жаш депутаты, 33 жаштагы Рустам Өмүров болсо анын айылында жаш үй-бүлөлөр үчүн шарттар жакшы болсо жаш эмгекке жарамдуулар айылдан кетишпейт. Жакшы шарттарды түзүү үчүн Жаштар комитетинин демилгеси менен жергиликтүү бала бакчаны оңдоодон өткөрүп, балдар аянтын куруу маселеси каралган. Балдар аянты 10 сотых жерге курулуп, ал жакта селкинчек, карусель, турник, отургучтар, таштанды таштоочу челектер жайгаштырылган.

Оорукананын жана бала бакчанын чатырына күндөн энергия алуучу суу жылытуучу системасы орнотулгандыктан оорулуулар жана бала бакчанын кызматкерлери жылуу суу колдонуп келишет. Мурун болсо 30 литрлик идиштерге сууну ысытып алышчу. Ал эми кир жууган жана ашканада иштеген кызматкерлер ысытылган суу бар оор мискейлерди көтөрүүгө туура келчү.

Ошондой эле таза суу берүү системасынын оңдолгонуна байланыштуу Кажы-Сайда таза суу үзгүлтүксүз берилүүдө.

Орусиялык гранттын эсебинен бүгүн айыл бир топ тазарып калды, себеби каражатка жолду тазалоочу унаа сатылып алынган. Аны менен жол жээгиндеги бак-дарактарды дагы сугарып келишет.

Кажы-Сай Ысык-Көлдүн жээгинен өтө алыс эмес жерде жайгашкан. Айылды аска жазуулары, коргондор курчап турат. Чыгышка карай 1 чакырым алыстыкта Кажы-Сай суусунун жээгинде өлчөмү 60х60 м., чыгыш тарабынан 40х60 м. Болгон курулуштар бар. Бул X-XIII кылымдардагы Кербен сарайдын урандылары. Анын негизги бөлүгүңдө көчөлөр менен бөлүнгөн 100 турак-жай бар. Дубалдары топурак кирпичтен курулган. Археолог Д.Ф. Винник казууларды жүргүзгөн учурда ылайдан жасалган идиштер, таш тегирмендер, жаныбарлардын сөөктөрү ж.б. табылган. Бул маалыматтын баарын турист айылга кирип келе жатканда жакында эле пайда болгон турборбордон ала алат, бул туристтердин келүүсүнө жана жумушчу орундардын түзүлүүсүнө өбөлгө болду. ПООНдун өкүлү Мирлан Дыйканбаев: “Жаңы аракеттер жакырчылыкты азайтууда, жашоо шартты жакшыртууда жашы жардам берип, кажы-сайлыктарга айылда калып, ишкерлик менен алектенүүгө дем берет”.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости