Г.Кудайбердиева Кыргызстандын алдында турган маселелерди белгиледи. Өлкөдө кесипкөй мугалимдердин жетишсиздиги жашыруун эмес. Педагогикалык факультеттердин бүтүрүүчүлөрүнүн профессионалдык жактан өсүүсү үчүн умтулуу жана кызыгуу жок.
Өлкө болсо студенттерди тажрыйбалуу жана ошол тармакты жакшы билген мугалимдер окутпай калганына макул болгондой. Мугалимдер жетишсиз. Мектептерге жана университеттерге “майлуу” жумушка жетпей калгандар иштегени келишет.
Билим берүү министрлиги канча жылдардан бери кадр маселесин чече албай келет.
КФУнун өкүлдөрү КРнын билим берүү министрине КФУга барып, Татарстан Республикасынын билим берүү министри менен жолугушуу сунушун билдиришти.
Мындан сырткары КФУнун тышкы байланыш департаментинин жетекчиси Андрей Крылов алардын ЖОЖу мугалимдерди даярдоодо биздин министрлик менен иштешүүнү пландап жатканын айтты.
“Биз кыргызстандыктарга биздин сынактарга катышууну сунуштап жатабыз. Андан өткөндөр магистратурада, аспирантурада окуса болот. Ошондой эле тажрыйбалуу мугалимдерди дагы даярдайбыз”,-деди А.Крылов.
Бул макулдашуу бир нече жылдан соң Кыргызстанга жакшы жемишин берип, өлкөдө кесипкөй адистер көп болот деп үмүт кылып туралы.