Компания акциз баасын жогорулатууну июнь айына которуу апрель жана май айларындагы баанын тез өсүп кетүүсүнүн алдын алганын белгилеген.
“Акциздин ставкасын өзгөртүү дизель майына коңшу өлкөлөрдө жана Казакстанда болгон баанын айырмачылыктарын жоюу үчүн ишке ашырылды. Жөнгө салуучу ролду ойноо менен акциз ставкасынын жогорулаганы бюджетке түшкөн каражаттарды көбөйтөт (Жыл сайын Казакстан 400–500 миң тонна дизелди экспорттойт)”,-деп билдиришти компаниядан.
Мындан сырткары «КазМунайГаз», кабарлагандай, бензин менен дизелдин баасын аз-аздан теңдөө рынок тенденциясы болуп саналат. Көп өлкөлөрдө дизелдин жана бензиндин баасы бирдей. Мисалы, Орусияда 1 литр майдын баасы 70 сомго барабар.
“Өндүрүү көлөмүнүн өзгөрүүсүнө жана запастардын динамикасына. Орусиядан Казакстанга импорттолгон майдын дүң баасына байланыштуу чекене баага таасир тийип, айрым мунай өндүрүштөрү кымбатташы мүмкүн”,-деп жазылат маалыматта.