• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Казакстандын экономикасынын өсүүсү 2,6%ды түздү

55

👁 802

Дүйнөлүк банкынын эксперттери билдиргендей, Казакстандын экономикасынын өсүү темпи 2,6 пайызга жакын болот. Бул тууралуу Kapital.kz “Дүйнөлүк экономиканын перспективалары” деп аталган 2018-жылдын январындагы докладга таянып жазып чыкты.

Аны менен катар эле банктын аналитиктеринин божомолуна ылайык, 2018-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи 3,1% түзөт. Бул инвестицияларды калыбына келтирүүнүн, өнөр-жай жана сооданы көтөрүүнүн, чийки затка болгон баанын турукташуусунан улам болот. Өнүккөн өлкөлөрдө 2018-жылы экономикалык өсүш темптери бир аз төмөндөрү күтүлүүдө — 2,2%. Ал эми рынок экономикасы калыптанып жаткан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 2018-жылы экономикалык өсүш темпи 4,5% болот.

“Дүйнөлүк экономиканын өсүү темпин калыбына келтирүү үмүт берет, бирок азыр кол куушуруп отуруучу убакыт эмес. Адамдык жана физикалык капиталга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү пайда болгону көрүнүп турат. Саясатты иштеп чыгуучулар бул маанилүү инвестицияларга көңүл бурушса алар экономикалык жактан активдүү калктын экономикалык үлүшүн тез өстүрө алышат ”,-деди Бүткүл дүйнөлүк банктын директору Джим Ён Ким.

2018-жылы каржылык кризистен кийин дүйнөлүк экономика болушунча катуу иштеп баштайт деген божомолдор бар. Бул тууралуу банктын эксперттери билдиришти. Бирок мамлекеттер кыска мөөнөттө экономикалык өсүштү камсыз кылуу ыкмаларын үйрөнүүлөрү керек.

Чыгыш Азия жана Тынч океан региону

2018-жылга карата болгон божомолдорго ылайык, региондогу экономикалык өсүш 2017-жылга салыштырмалуу 6,2 пайызга жайлайт. Кытайдагы экономикалык өсүштүн жайлашы түзүмдүк мүнөздө болот. Бир жагынан геосаясий кырдаалдын курчушу, каржылоо шарттарынын глобалдык жактан күтүүсүз жана тез курчушу, дүйнөдө коргонуунун көбөйүүсү, чоң өлкөлөрдүн анын ичинде Кытайдын экономикасынын төмөндөөсү, региондогу көрсөткүчтөрдү начарлатат. Кытайдын экономикасынын өсүүсү 2017-жылдагы 6,8 пайыздан 6,4 пайызга төмөндөрү болжолдонууда. Индонезияда 2017-жылдагы 5,1 пайыздан быйыл 5,3 пайызга жогорулары күтүлүүдө.

Европа жана Борбордук Азия

Божомолдорго ылайык, региондогу экономикалык өсүш 2017-жылдагы 3,7 пайыздан 2,9 пайызга төмөндөйт. Региондун чыгышында экономика калыбына келери күтүлүүдө. Өсүү негизи – чийки заттарды экспорттоодон улам болот. Ал эми региондун батышында ишкердик активдүүлүктүн төмөндөөсү күтүлөт. Орусиянын экономикасынын өсүү темпи 2018-жылы 1,7 пайызды түзүп, 2017-жылдагы көрсөткүчтөй эле болот. Ал эми Түркияда болсо өсүү темпи 6,7 пайыздан 3,5 пайызга төмөндөрү күтүлүүдө.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости