• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Казакстандык инженер Кремний өрөөнүндө мода үйүн ачты

2d293596647bd284a13c85a7889

👁 2,311

Казакстандык инженер Назим Палташев 2012-жылы АКШга окууга кеткен. 4 жылдан кийин ал Soul of Nomad деп аталган бренд түзүүгө жетишкен.

Жаш стартап-компанияга эл аралык бренд катары таанылуу үчүн бир жыл керек болгон. Назим Палташев маркетингден каражатты кантип үнөмдөп калганын жана өз аудиториясын аныктоону кантип ишке ашырганын төмөнкү маекте айтып берген.

–Назим сиз Алматыга жол чемодандарын коллекциясын көрсөтүү үчүн келипсиз. Бир нече айдан кийин аялдарга кийим чыгарганы жатыптырсыз. Мунун баары 2 жыл мурун жинсыларды тигүүдөн башталыптыр. Тез эле таанымал болуп кетүүңүздүн сыры эмнеде?

–Биздин ийгиликтин негизги себебиилимий жактан ишке баа берүү жана каражаттын тартыш болуусунда болсо керек. Биздин максат – өтө мыкты баалуулуктар менен бренд түзүү болчу. Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, эң мыкты бизнес идеялар жана мыкты маркетинг идеялар ресурстар чектелүү кезде келет. Баарынын пайдубалы бренддин философиясы же адамдын ички жан дүйнөсүндөгү жолдор.

–Сиз ресурс жок болчу деп жатасыз. Алгачы капитал канча болгон?

–Мен батиримди сатып, ошол каражатка долбоорду баштагам. 175 миң доллар болчу.

–Бул кийим өндүрушүн ачуу үчүн аз акчабы?

–Албетте, аз. Биз алгач эсептөө жүргүзгөндө бренд болуп таанылуу үчүн бир топ каражат керек экени белгилүү болгон. Калифорниянын орточо маянасын эсептөө керек болчу. Жинсыларды чыгара баштаган соң 5 айдан кийин каражат түгөнүп калган. Ал эми чемодандарды нөлдөн баштаганбыз. Көптөгөн компаниялар рынокко чыкканда маркетингге эле миллиондорду коротушат. Биз маркетингге эч нерсе короткон жокпуз.

- Силердин баштапкы каражаттарыңавр эмнеге жумшалды эле?

- Каражаттын бир бөлүгү брендинг үчүн коротулган. Биз буга абдан олуттуу көңүл бөлдүк, мисалы, логотипти ойлоп табуу эле 6 айга созулду. Эркектерге тиешелүү сооданын 60%ын аялдар аткарат. Ошондуктан алардын аң сезимине туура келүүчү нерсени ойлоп табуубуз керек эле. Ошондуктан каражатты аябастан логотип ойлоп табууга мыкты брендинг компанияны тандап алдык. Калган каражат жинсы кийимдерди ойлоп табуучу адистерге кетти. Биз ар бир майда нерселерге чейин көңул бурдук. Мисалы, жинсылардагы сыдырмалар, чемодан жана сумкалардагы сапаттуу тери ж.б.

–Брендди түзүү тууралуу айтып жатып мугалимиңиз менен кеңешкениңизди айткансыз. Сиз бул ишке илимий көз караш менен карадыңыз беле?

–Ооба, алар бир эле мугалим эмес, 4–5 профессорлор болчу. Ар түрдүү тармакта мол тажрыйбасы бар мугалимдер тажрыйбалары менен бөлүштү. Бул команда жасаган иш жана бренд жашап кетүүсү үчүн стратегиялык жана математикалык эсептерди жүргүзүп турдук.

–Идея пайда болгондон баштап өндүрүш ишке кирүүсү үчүн канча убакыт талап кылынды?

–Болжол менен 10 ай өттү. Жинсыларды чыгаруу өтө татаал жана көп эмгекти талап кылат. Мыкты жинсы таап, аларга ылайыктуу сыдырма, этикетка издеп көп убакыт кетти, анан эң маанилүүсү жинсылардын адамдарга “отуруусу”. Биз өндүрүштөн чыккан кийимди өтө чоң тесттен өткөрөбүз. Жинсыны кийип көрүшөт, жууп көрүшөт, кайсы адамга кандай жарашарын карап көрүшөт дегендей.

–Силер саякаттоого байланышкан рынокту багындырууну көздөп жатасыңарбы же башка тармакка дагы чыгалы деген пландар барбы?-

- Soul of Nomad бул жинсы жана чемодан бренди эмес. Биз Lifestyle-бренд болуп саналабыз. Биз активдүү адамдын баардык талаптарына жооп берчү компания болгубуз келет: күнүмдүк кийим, унаада жүрүүчү же ишкерлер жолугушуусу үчүн кийим. Башкача айтканда, жөн гана кийимдерди сатуу азыр актуалдуу эмес. Мисалы, жаңы жылда Миланда тесттик режимде жаңы система ишке кирет. Анда кардарларга бекер трансфер сунушталат. Бизде Mercedes үлгүсүндөгү 2 унаа бар. Аны менен стилисттер кардарга барып, жинсы тандоого жардам беришет, келечекте башка нерселерди тандоого, мисалы, чемодан, жаңы коллекция, сумка, аксессуарларды тандоого жардамдашат.

–Сиздердин кызматкерлер үчүн кандай артыкчылыктар бар? Сиз буга чейин жумушка алынган кызматкерлер компаниядан үлүшкө ээ болорун айттыңыз эле.

–Мындай система стартаптарда дайыма болот. Башкача айтканда, биз акциялар аркылуу адамдарга дем берип турабыз. Өзгөчө биз менен башынан баштап иштегендерге артыкчылык көп берилет. Ошондо кызматкер компаниянын өсүүсүнө салым кошот. Эгерде моивация жок болсо, анда бренд менен алардын иши деле жок.

–Азыр канча адам эмгектенет?

–7 адам дайыма иштейт. Мен аларды 7 самурай деп атап коем, колдорунан баары келет. Убакыттын өтүшү менен көбөйөбүз деп ойлойм. Бизге болгону 12 ай болду жана биз Миланда дизайн-кеңсе ачканы жатабыз.

–Кремний өрөөнү жогорку технологиялуу стартаптар менен белгилүү эмеспи. Сиз эмнеге дал ушул жерди тандап алдыңыз? Же негизги кардарлар ошол жакта беле?

- Кремний өрөөнү хайтек-стартаптары менен белгилүү. Биз ал жакта ак каргага окшошпуз. Биз ал жакты багынтыш үчүн өзгөчө болуубуз керек эле. Фэшн-бизнесте бирөөнү туурабай, уникалдуу болуу керек. Себеби кремний өрөөнүндө бизге чейин мода үйүн кургандар болгон эмес. Бул жер стартаптар үчүн гана эмес, идея үчүн акырына чейин баргандардын жери десек болот.

–Сизде өз ишиңиз менен алек болуу же ири компанияда иштөө деген тандоо болду беле?

–Ооба, болгон. Компанияда топ-менеджер болуп иштеп, маяна, бонус алуу мүмкүнчүлүгү болгон, себеби Казакстандан мыкты тажрыйба топтоп алгам. Девелопре компанияда көп иштедим. Бир нече долбоорум бар болчу – алардын бири «8 көл»

–Бул долбоор жарабай калса деп ойлоп, “Б” планын түздүңүз беле?

–Менде эч качан “Б” планы болгон эмес. Эң башында сынып калуу оңой болчу, бирок дайыма позитивдүү болуп иштедик. Бренддин келечеги кең экенине көзүм жетчү. Айрым учурларда тырышчаак, көк бет болуу жана убакыт талап кылынат.

Источник: Kapital.kz

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости