Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы (БДСУ) талаптарды жана эрежелерди бир катар өлкөлөр сактоосу зарыл. БДСУнун талаптарынын бири кошумча нарк салыгына болгон жеңилдиктерди жоюу. Бул унааларды чогулткан заводдорго да тиешелүү.
Казакстанда 2017-жылы КНС боюнча жеңилдиктер узартыларын күтүшкөн, бирок андай болбоду. Азыр болсо унаа чогулткан ишканалар гана эмес товар чыгаргандардын баары жеңилдиксиз калышты.
Бул эмнени билдирет?
Бул Казакстанда чыгарылган товарлардын баары кымбаттайт дегендик. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун нормасы ушундай.
Бирок Казакстанда жеңилдиктерди жоюунун ордуна 2017–2018-жылдарга кошумча каражат бөлүү тармагы иштеп турат. Бул антикризистик чаралар.
Салыктарды жоюу боюнча сүйлөшүүлөр болгону айыл-чарба тармагына багытталды.
Коңшу өлкөдө болсо ишкерлер ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн жана сатып алуучулардын капчыгына күч келбеши үчүн канча сумма керек экени талкууланууда.
Азыр эксперттер Казакстанда жасалган унааларга болгон баа ушул жылдын экинчи жана үчүнчү кварталында жогорулайт деген пикирде.
Бардык эле унааларга КНС киргизиле бербейт. Норманын 2016-жылдагы келишим менен алынып келинген унааларга тиешеси жок. Бул учурда Казакстандын унаа базарында турган унаалар.
Казакстандан унаа сатып алууну көздөгөн биздин жарандар БДСУнун нормасы күчүнө киргиче сатып алуу жүргүзүүгө шашуусу зарыл.
Казакстан унаа бизнеси ассоциациясынын жетекчиси Андрей Лаврентьев белгилегендей, 2015-жылга салыштырмалуу унаа базары 2 эсеге токтоп калды.
2015-жылы Казакстандагы дилерлер 100 миң унаа сатышса, 2016-жылы бул көрсөткүч 50 миңге жеткен жок.
1-январга чейин Казакстанда БДСУга өтүү иштери жүрүп, казакстандык компанияларды бажы салымдарынан жана КНСтен бошотуу жана жеңилдиктер иштеп турду.