Мисалы, К3 экологиялык классына салыштырмалуу К4 бензинде күкүрттүн көлөмү 3 эсеге азаят, ал эми К5 экологиялык классында 15 эсеге аз.
Ал эми К4 классындагы дизель майында күкүрт 7 эсеге, К5 дизель майында 35 эсеге аз.
Ошентип, 2017-жылдын 31-декабрында бензинди, дизель майынын К3 классын колдонууга уруксат берген ЕАЭБдин техникалык регламенти аяктады.
Армения, Беларусия, Орусия 2016-жылдын 31-декабрында эле К5 күйүүчү майына өтүшкөн. Ал эми 2015-жылдын 31-декабрында К4 экологиялык классты колдонуп башташкан.