Жарнама жана маркетинг боюнча адис (PR-менеджер)
ТОО 2 ГИС — Алмата справочниги
Маяна: 140 000 теңгеден 200 000 теңгеге чейин
Шаар: Алмата, Райымбек батыр
Талап кылынган иш тажырыйбасы: 1–3 жыл
Биз өзүнүн ишинин кесипкөйлөрүн издейбиз.
Бизге команда менен узак убакыт иштеп жана биз менен бирге өсүп-өнүгө турган кызматкерлер керек.
Сиздин болочоктогу милдеттериңиз:
- Компаниянын сатуу иштерин маркетингдик колдоо;
- Жармана өнөктүктөрүн уюштуруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө,тиешелүү документтерди даярдоо, аларды жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды аныктоо;
- Стимул берүү боюнча акцияларды жүргүзүү;
- Жарнамалык материалдарды сайтка жана шериктештердин аянтына жүктөө, башка аянтчалар менен коммуникация;
- Компанияны жарнамалоо иштерин уюштуруу жана рынокко жылдыруу
- Атаандаш чөйрөнү иликтөө, рынокту анализдөө жана атаандаштардын активдүүлүгүн мониторинг кылуу;
- Жарнама материалдарын иштеп чыгууну уюштуруу, алардын сапатын көзөмөлдөө;
Талапкерден биздин күткөнүбүз:
- Жогорку билим: маркетинг, жарнама (артыкчылык берилет)
- Буга окшогон позициялардан 2 жылдан кем эмес иш тажырыйбасынын болуусу;
- Компьютерди ишенимдүу колдонуучу (MS Office, Internet Explorer, почта тиркемелери), базалык билимдер, Corel Draw;
- PR-иш-чараларды жүргүзүү жөндөмү;
- Медиа пландоо жөндөмү;
- Көргөзмөлөргө катышуу жана конференцияларды уюштуруу тажырыйбасы
- Компанияны социалдык түйүндөрдө жана интернетте жылдыруу тажрыйбасы;
- Жеке сапаттары: аналитикалык жөндөмү, дүйнө таанымынын кеңири болушу, оозеки жана кат түрүндө сабаттуу сүйлөй, жаза билүүсү;
Биз сунуштайбыз:
- Ыңгайлуу кеңсе, ынтымактуу команда;
- Казакстан Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- Жумуш режими: саат 09.00дөн 18.00гө чейин, аптасына беш күн.
Дарек:
Райымбек батыр метросу, Алмата, Толе би көчөсү 83, Сейфуллина
почта info@astana.2gis.kz +7 7172 270202 телефон, компаниянын сайты
http://info.2gis.kz/