Жашоо деңгээли төмөндөгөндүктөн казакстандыктар эски унааларды сатып алып, жаңы унааларды алууну токтотушкан. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында Казакстанда 10 жыл мурун чыгарылган унаалардын саны 2,3 миллионду түзөт. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 69 миңди түзөт.
Эске сала кетсек, 2014–2015-жылдары Казакстанды унаа сатып алуу буму каптаган, анын натыйжасында жаңы унаалардын саны 2 жылда 510 миңге өскөн. 2015-жылы эски унаалардын саны 738 миңге кыскарган.
Казакстандыктар үчүн жаңы унааны сатып алуу кымбатка турууда, себеби бир жагынан импорттун баасы жогоруласа, экинчи жагынан калктын кирешеси азайган. 2016-жылы казакстандыктардын кирешеси 4,5%га кыскарган. Бул 2009–2010-жылдардагы кризистен кийин алгачкы жолу кирешенин азайышы.
Бул жылдагы алгачкы жыйынтыктар Казакстанда киреше дагы азайышы мүмкүндүгүнөн кабар берет. 2017-жылдын январь айында көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 3,5%га аз болгон.
Учурда эски унааларды насыяга берүүнү Казакстандын 11 банкы сунуштоодо.
Кыргызстандын улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык 2015-жылы калктын жашоо деңгээли маданий-турмуш-тиричилик буюмдары менен камсыз болуусу менен өлчөнөт. Бул көрсөткүч кыйыр түрдө белгилүү бир убакыт аралыгындагы калктын үй-жайынын деңгээлин жана анын нак кирешесин чагылдырат.
Орточо эсеп менен ар бир үй чарбасында 2 чөнтөк телефон болгон жана ар бир бешинчи үйдө жеңил унаа бар болгон. Маданий-турмуш-тиричилик буюмдарынын жарымынын көбүн 10 жылга чейинки буюмдар түзгөн, алардын ичинде электр-турмуш-тиричилик буюмдары, компьютер, телерадиоаппаратура бар.
Узак убакытка колдонууга болгон буюмдардын арасында эмеректер, унаалар болгон.
Улуттук статистикалык комитетте эски унааларды сатуу, сатып алуу тууралуу маалымат жок. Так санды эч ким айтып бере албайт, рынокто баалар өзгөрүп турат. Орусиянын жана Казакстандын унаа базарларындагы баалар төмөндөдү. Кыргызстанда кризис узакка созулгандыктан баалардын төмөндөшүнө унаа базарынын көп деле тиешеси жок.
Бул болсо Кыргызстанда жашоо деңгээли өтө төмөн экенин же баары жаңы унааларды минип жүргөндүгүнөн кабар берет.