Министрликтин билдирүүсүндө көмүрдүн шахтадан чыгарылган баасы өтө эле төмөн экени жазылган.
Көмүргө болон баанын 3 эсеге жогорулап кетишин министрлик ортодо пайда тапкан ортомчулардын көп экени менен түшүндүргөн. Анда дүңүнөн саткан сатуучулар тиешелүү материалдык-техникалык базасы жок туруп деле иштеп жатышканы жазылган.
Министрликтин билдирүүсүндө жыл сайын жылытуучу мезгил келген маалда көмүр казуучу компанияларына темир жол вагондору өз убагында келбей маселе жаралаарын билдирген. Башкача айтканда темир жолчулар атайын эле суроо-талап жаратып, шахталар болсо вагондорду кутүүгө аргасыз болуп калышат, бул болсо албетте, баага таасир берет.
Туура. Министрлик бардык ортомчуларды көзөмөлдөй албайт.
Биздин жарандар сапаттуу көмүрдү арзан баада алууга мүмкүнчүлүк алышса болду.