• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Казакстанда даяр бизнести сатып алуу пайдалуубу?

74

👁 831

Учурда даяр бизнести сатуу тууралуу жарыяларды көргөндөр таң калышпайт. Даяр бизнести алуу канчалык пайдалуу экенин саткан киши айта албайт.

Бул бир нече факторлорго байланыштуу. Бул жерде тобокелчиликтер, салыктар жана башка шарттар болот. КМШдагы башка өлкөлөр менен салыштырмалуу Кыргызстанда мыйзам лоялдуу жана бизнестин өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок кандай болгон күндө дагы бизнес өсө баштаганда анын кызыкчылыктары бир өлкөдөн сырткары чыга баштайт.

Чет жакта бизнес ачкандан көрө даяр бизнести сатып алуу пайдалуубу? ЭКОНОМИКА бул маселе боюнча Казакстанда абал кандай экенин билип көрдү.

Учурда ишкер болуу престиждүү, ири корпорациялардын ээлери өздөрү жазган китептерде жеке бизнес ачууга чакырып келет. Бирок айрым учурларда бизнести нөлдөн баштабай эле койсо болот, себеби казак рыногунда даяр бизнес боюнча бир катар сунуштар бар.

Бүгүнкү күнү популярдуу сайттарда жарыяланган даяр бизнестин көп бөлүгүн тамактануучу жайлар жана өндүрүш түзөт. Даяр бизнес сатуу боюнча эң популярдуу шаар бул Алматы, андан кийин Астана, андан ары өлкөнүн аймактары кетет. Сатуучулардын баары анын бизнеси бир нече жылдан бери иштеп жатканын айтышып, кеткен чыгымдар бат эле акталып, киреше дагы бат эле келерин айтышат.

Алматынын борборунан кофейня алуу үчүн 5 млн теңге жетет. Мындай сунуштар Астанада дагы бар бирок 10 млн теңге сурашат. Кофе индустриясынан сулуулук жана ден соолук дагы артта калбайт. Сулуулук салондору, beauty-барлар жана сауналар дагы көп суроо талапка ээ. Мейманкана кызматы дагы четте калган эмес. Алматыда мейманкана комплекси 1,3 млрд теңгеге бааланган.

Даяр бизнестин тизмесинде товарларды өндүрүү дагы бар: мисалы, Алматыдагы кондитердик цех 15млн теңге турса, Кызылордодогу тигүү фабрикасы 450 миң теңге.

Каалоочулар жада калса жылкы фермасын дагы сатып алышса болот. Анын баасы 22 млн теңге.

Көңүл ачуу тармагы жалпы жарыялардын 12%ын түзөт. Караоке сыяктуу кызматтар дагы популярдуу. Алматыдан караокени 83 млн теңгеге алса болот.

Казакстанда билим берүү мекемелери дагы сатыкта бар: балдар үчүн, интеллектуалдык борборлор, балдар бакчалары, окуу мекемелери жана менталдык арифметика мектеби.

Компанияларды сатуунун негизги себептери?

Сатуучулардын көбү бизнести шаардан же өлкөдөн көчүп кетип жаткандыктан сатып жатышканын айтышса, айрымдары бул ишти каржылоо үчүн каражаттары калбай калганын билдиришет. Кандай болгон күндө дагы рыноктон кызыктуу бизнес тапсаңыз болот. Эң башкысы сатып алуудан мурун рынокту иликтеп, бизнес долбоордун өнүгүү перспективасын билүү керек.

Кыргызстанда даяр бизнестер кызмат көрсөтүү түрүндө болуп келет. Бирок рынок өтө чоң эмес, ошондуктан эгерде бир өлкөнүн алкагында иштей турган болсоңуз, тажрыйбалуу болуу менен казак рыногуна дагы кирсеңиз болот. Эн башкысы каражат жана чыдамкайлык керек, ошондой эле башка өлкөнүн мыйзамдарын билүү зарыл.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости