Казакстанда АИ-92 бензини октябрдын ортосуна чейин гана жеткидей көлөмдө калды. Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бул күчүүчү майдын көп колдонулуусунан жана казактардын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун өндүрүмдүүлүгү азайгандан улам болууда. Андан сырткары Орусиядан келген импорттон көз каранды болуу дагы ушул абалга жеткирди.
Бул Кыргызстандын рыногуна кандай таасир берет?
Бул баалардын жогорулоосуна алып келиши мүмкүн. Айрым жерлерде баа атайылап жогорулатылса, кээ бир жерлерде чындап эле бензин тартыштыгынан улам баа өсүшү ыктымал. Негизинен мындан чек арада соода кылган аткезчилер пайда табышат. Учурда Кыргызстанда Орусиянын рыногунан толугу менен көз каранды.
Ошондуктан АИ-92 маркасындагы бензинге болгон баа жогорулайт. Бензиндин кымбаттоосу октябрь айында башталып, 1 литри 38 сомго чейин жетиши мүмкүн.
Казак нефтетрейдерлери үчүн октябрь айы оор болот, себеби 90–100 миң тонна бензин импорттоо керек.
Былтыр казак нефтичилеринин көптөгөн күйүүчү майлары Кыргызстанга кеткен, себеби ал жакта солярканын баасы 99 теңге болсо, Кыргызстанда 160 теңгени түзгөн. Мындан аткезчилер болуп көрбөгөндөй пайда табышкан.
Эми айдоочулар бензинге болгон баанын жогорулоосуна даяр болуулары керек.