Мангистау облусунун акимиаты жана инвесторлор экошаар куруу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Келишим Global Project Capital Ltd (Улуу Британия), AAG Corporate Services Ltd (Улуу Британия), China Road and Bridge Corporation (CRBC) Ltd (КНР жана Гонконг) менен Мангистау облусунун акимиатынын ортосунда түзүлдү. Бул тууралуу Kapital.kz порталына акимиаттын басма сөз кызматы билдирди.
Документте тараптар Актау экошаарын куруу үчүн башкы куруучуну жана каржылоо структурасын белгилөөлөрү керектиги жазылат.
Инвестициялар британия тараптан 100% болот, башкача айтканда 2,1 млрд доллар бөлөт, ал эми кытай тарап болсо 400 млн доллар банк кепилдигин берүүгө милдеттенди.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Мангистау облусунун акимиаты облустун борборунун 865 гектар жер бөлүп берет. Бул жерге жеткиликтүү турак-жайлар, соода борборлор, мектептер, бала бакчалар, медициналык борборлор курулат. Мындан тышкары долбоорго ылайык, экошаарда IT-парк, мейманканалар, стадиондор, көңүл ачуучу жайлар, кызмат көрсөтүүчү жайлар болмокчу.
Актау шаарынын акимиаты болсо инфраструктура менен камсыз кылуу керек, башкача айтканда, жол, электр энергиясы, канализация, суу менен камсыз кылуу зарыл.
Тараптар “Экошаар” долбоорун каржылоо жана аны куруу тууралуу меморандумга 2017-жылдын 31-мартында Актау шаарында кол коюшкан. Global Project Capital Ltd (Улуу Британия) тараптан башкы директору Кеннет Фултон кол койду.
AAG Corporate Services Ltd (Улуу Британия) 1995-жылы лорд Яков Ротшильддин колдоосу менен 1995-жылы негизделген. Анын уставдык капиталы 4 миллиард фунт стерлингди түзгөн.
China Road and Bridge Corporation (CRBC), Ltd (КНР жана Гонконг) эл аралык эң ири куруучулардын ичинен 2016-жылы 3-орунду ээлеген.