“Борбор Азиясыз Казакстан өнүгө албайт деген түшүнүк бар, ошондуктан бүгүнкү күнү Казакстан аймактын стабилдүүлүгүнө инвестиция салууга даяр. Чечим кабыл алынды, тиешелүү макулдашууларга кол коюлду. Жакында эле Мажлисте Кыргызстанга 100 млн доллар жардам берүү тууралуу келишимди жактырдык. Көпчүлү бөлүгү – акчалар, айрым бөлүгү товар жана кызматтар. Аймактагы өлкөлөргө башка дагы жардамдар берилүүдө”,-деди эксперт.
“Казакстан Борбордук Азиядагы туруктуулукка инвестиция кылууга даяр экендигинин бир мисалы БУУнун коопсуздук кеңешинде аймак боюнча биздин өлкөнүн 2017–2018-жылдарга артыкчылыгы белгиленгени. Казакстан БУУнун коопсуздук кеңешинде Афганистандагы, Борбордук Азиядагы коопсуздук жана аталган аймакты өнүктүрүү боюнча талкууларды өткөрүүнү пландоодо. Бул тема БУУнун коопсуздук кеңешинде биздин өлкө, биздин дипломаттар тарабынан дайыма көтөрүлүп турмакчы жана көп иштер жасалууда” ‚-деди Маулен Ашимбаев.
ЭКОНОМИКА кийинки макалаларында Казакстан тарабынан бөлүнгөн 100 млн доллар кандай бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалыматты тактоого аракет кылат. Бизди бул каражат Финансы министрлиги тарабынан кантип жана кайсы берене менен катталары кызык болууда.