Казак өкмөтү Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында милдеттерин аткарышы керектигин билдирди. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев кыргызстандык кесиптеши тарабынан негизсиз сын айтылганын кошумчалады. Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында Казакстан 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган КМШнын эркин соода аймагы тууралуу келишимин аткарбай жатканын билдирген.
Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев кыргызстандык кесиптеши тарабынан негизсиз сын айтылганын билдирди.
ЭКОНОМИКА болсо С.Исаковдун сөзүн негиздүү деп санайт.
«Бул маселе боюнча биздин мамлекеттин позициясы белгилүү. Биз кыргыз өкмөтүн өзүнүн милдеттерин жана ЕАЭБдин алкагында иш жүргүзүп жатканын тастыктап берүүсүн сурайбыз. Бул теманы ачык айтып жана үнүбүздүн жетишин каалайбыз», — деди Сагинтаев.
Эмне дейбиз? Казак бийлигинин позициясын көрдүк. Биздин ата мекнедик ишкерлер өткөрүү бекеттериндеги кезек күтүүнүн натыйжаларын жон терилери менен сезишти.
Бакытжан Сагинтаев казак өкмөтүнүн сунушун кыргыз тарап конструктивдүү позицияда кабыл аларына ишенерин айтып төмөнкү шарттарды белгиледи.
Кыргыз тараптын позициясы болсо белгилүү: ЕАЭБдин алкагында эркин соода кылуу.