Кыргызстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “Бозымчак” кенин иштеткен “KAZ Minerals Bozymchak» компаниясына тинтүү жасады. Бул тууралуу аталган компаниянын коомчулук менен байланыш департаменти билдиргенин Forbes.kz сайты жазды.
Маалымат боюнча, руда жана концентранттардын үлгүсү алынып, анын курамында алтын жана күмүштүн бар же жоктугун аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, 28-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “KAZ Minerals Bozymchak” компаниясы өлкөдөн 9,8 миң тонна алтын аралашмасын ташып кеткенин жарыя кылган. Аталган компания буга чейин өндүрүлгөн алтын аралашмаларын жез аралашмасы катары көрсөтүп, салык төлөөдөн баш тартып келген.
Салык кызматы аталган компания 2014–2016-жылдары 55 миллион сом салык төлөбөгөнүн билдирген.
26-майда УКМК компанияынын башкы директору Ильяс Тулекеевди кармаган. 27-майда Тулекеев үй камагына чыгарылган.