• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кайрат Махсудинов: Аарыдан калдык калбайт, өлүгү да ден соолукка пайдалуу

333333u

👁 7,257

Кадимки эле аары чогулткан бал адамдын ден соолугуна миңдин бири экенин баары эле билет. Анын курамында 300гө жакын пайдалуу заттар камтылган жана анда адамдын организмине зарыл болгон дээрлик химиялык элементтер бар.

Ошентсе да “Билгенден биле элегиң көп” демекчи , балдын дагы кандай сырлары жана кантип бал менен ишкерлик кылып, каражат тапса боло турганын “Эко-Бибал” компаниясынын директору Кайрат Махсудинов айтып берди. Ал эми “Эко-Бибал” аарысыз экология жок, дегенди түшүндүрөт.

- Канча жылдан бери бал менен алектенесиздер? 

–1987-жылы атабыз аары багып, бал өндүрүп баштаган. Балчелек кармап, бал менен ишкерлик кыл деп атабызга чоң атабыз насаат берген экен. Отуз жылдан бери балчелек кармап келе жатабыз. Анткени аарынын пайдасы жогору. Андан калдык калбайт. Өлүгү да суук тийгенде жана ашказан ооруларына пайдалуу.

–Учурда канча балчелек бар?

–Бүгүнкү күндө 120 балчелек бар. Мындан тышкары атам шакирт дагы даярдайт. Буга чейинки шакирттерин санасак 100гө чукул болот. Анткени атамдын максаты аларга аарыны кантип багуунун жана көп өлчөмдө кантип бал алса боло турганын үйрөткөн. Бир адам келип үйрөнүп билип алса, ал үйбүлөсүнө үйрөтөт. Ошентип отуруп, Кыргызстан боюнча аарынын сырларын үйрөтсөк деп максат кылабыз.

–Бир жылда канча өлчөмдө бал тартылат?

–Орто эсеп менен 20 тоннага жетет. Биз ар кайсы жерге челектерибизди көчүрөбүз. Гүл же беде жакшы гүлдөп турган аймакка алып барсак, ошончо көп бал жыйнайбыз.

–Аарыны багуу системасы кандай жана алар кышкысын кантип тамактанышат?

–Аары бир тууганда 1,5 миңди тууйт. Аталган канатуу табиятынан сезип, суук түшө баштаганда туубай калат. Уруктары чыгып бүткөндөн кийин дарылап баштайбыз. Эгерде аларды дарылабай койсо, ичи өтүп өлүп калат. Ичти өткөрбөгөнгө каршы “окситетроциклин” деген дары менен даарыланат. Ар бир мезгилге жараша даарылап, орундуктары алмаштырылып турат. Ал эми кышкысын караңгы “бункерге” киргизебиз. Бункердин ичи караңгы болуусу абзел. Эгерде кичинекей жарык болсо ошол жерге баардыгы учуп барып алып, кайра өзүнүн челегине келе албай калат. Аларды ар бир ай сайын бункердин ичин ачып карап турабыз.

Акыркы бал тартуу августтун орто чени менен токтотулат. Ал эми октябрь,ноябрь айларындагы бал кышкы тамактануусуна калтырылат. Эгерде калтырбай баардыгын бал тартып салса, аарылар кыштан кыйналып чыгат. Ошондуктан алардын дагы тамактануусун кылдаттык менен карап туруу талап кылынат. Кышкысын бункердин жылуулугу 25–30 градус болушу шарт. Кышкы тамактануусуна даярдалган бал челектеринде жок калса “сахарный пудраны” кадимки камырдай жууруп, токоч кылып берүү зарыл. Ошол токоч четтеги аарылардын баардыгын өзүнө чогултат. Март айынын башынан атайын балга суу кошулган сироптор берилет. Мындан тышкары аарыдагы “биттерге” каршы дарылоо жүргүзүлөт. Эгерде битти дарылабай койсо, уруктун ичине тууп, кийин уруктан аарылар чыкканда биттер кошо чыгып канаттарын жеп салат.

–Балчелектер кандай көлөмдө жана алардын аттары эмне деп аталат?

–Сегиз, он жана жыйырма экилик челектер бар. Он кашектүү челек “дадан” деп аталат. “Дадан” челеги бийик, ал эми “рота” жапыз түрүндө болот.

–Бал каякка сатылат жана экспортко чыгабы?

–Кыргызстанда көп жылдан бери өзүбүздүн кардарларыбыз бар. Ошондой эле дүкөндөргө таратылат жана жарманкелерде коюлуп жатат. Мындан тышкары Монголия, Дубай жана Араб Эмирлигине экспортко чыгарылууда. Экспортко чыгуу үчүн тиешелүү документтерди даярдадык. Эң биринчи Кыргыз аары союзуна атабыз “аарычы” деп катталган. Бул биздин документибиз болуп саналат. Аары жана балга өзүнчө лицензия да алганбыз. Учурда ЕАЭБге мүчө гана өлкөлөргө экспортго чыгып жатат. Себеби союздун талабы ушундай болууда.

–Бир килограмм бал канча сомго бааланат?

–Бир литр балда 1 килограмм 450 грамм бал болот. Кыргызстанда бир килограмм бал 250 сомдон 400 сомго чейин бааланат.

–Жардамчыларыңыз барбы?

–Убагында атам 120 балчелекти жалгыз эле карап койгон. Биз азыр өзүбүз караганга аракет кылуудабыз. Бирок жардамчылар сөзсүз керек. Себеби балдын жумушу оор. Бишкекте үч, Токтогулда төрт жардамчыбыз бар. Токтогулда жайгашкан балчелектер “стационардык” жер деп аталат. Ал жерден аарылар көбөйтүлөт. Учурда Токтогулда 200 үйбүлө аары бар.

Бал менен иштейм деген ишкерлерге кандай кеңеш бересиз?

Ар бир иштин өз түйшүгү бар. Аарыны багып, андан бал алуу үчүн чыдамкайлык керек. Анын бир чакканы эле абдан оорутат. Аары багуунун сырын үйрөнсө бал менен өзүнүн кичи бизнесин жүргүзө алат. Эгерде ким аары багып, бал өндүрүүнү кааласа биз үйрөтүүгө даярбыз.

Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости