Энергетикалык ресурстардын жетишсиз болуусу жана планетадагы климаттын өзгөрүүчү КРнын Энергетика министрлигинде чоң талкууга жем таштады. Министрлик Кыргызстанда кайра калыбына келүүчү энергияны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуулады.
Мамлекеттик кызматкерлер, чакырылган эксперттер ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын шартын эске алуу менен кайра калыбына келүүчү энергия булактарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Катышуучуларды кайра калыбына келүүчү энергияны өнүктүрүү борбору кызыктырды. Бул жерде жашыл технологияларды киргизүү жана өнүктүрүүнү тездетүү үчүн комплекстүү иш-чаралар аткарылып келет. Бул борбор энергетиканы үнөмдөө багытында бирдиктүү терезе катары кызмат көрсөтүп, керектүү маалыматтарды берип турат. Борбор негизинен биогаз технологиясын киргизүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Кайра калыбына келүүчү электр энергиясын өнүктүрүү борборунун директору Алексей Веденевдин айтымында, биогаз орнотуу үчүн «Бегемот» тез тамактануучу жайларынын органикалык таштандылары колдонулат. Атайы кабыл алуучу жайда чийки заттар бөлүнүп салынып, ал сууланып андан соң реакторго барат. Ал жакта чийки затты иштетүүчү атайын шарттар түзүлгөн. Башкача айтканда атайын бактериялардын эсебинен ал ачытылат. Натыйжада биогаз жана био жер семирткич алынат.
Аталган борбордун кызматкери Илья Мелякова жабдуунун кубаттуулугу суткасына 7–10 тонна экенин билдирди. Бул жабдуунун баасы 50 миң доллар, бир жылга жетпей өзүн актайт. Мындай биогаз жабдуулары Сокулук канаттуулар фабрикасында жана Кантта бар.
“Республика боюнча жылына 7,5 млн тонна кык чогултулат. Бул млндон ашуун м3 газ. Бул 7 млн тонна биожер семирткчи. 1 гектар жерге 5 тонна кетет, эми канча жерди семиртсе болорун эсептеп көрүңүз. 230 миң үй-бүлө биогаз менен камсыз болот. Жаратылыш газына караганда биогаздын жылуулук берүүчү азыраак, бирок тамак жасаганга толук мүмкүн”,-деди Веденев
Борбордун кызматкерлери биогазда суу кайнатып жүрүшөт. “Азыр сезон болбогондуктан биогаз жер семирткичин колдонуп кандай жүзүм өстүргөнүбүздү көрсөтмөкмүн. Бир эле шагы 3 кг 130 грамм чыккан”,-деди кызматкер Акрам Мансуров
Бул жердегилер Чүй облусунун Ново-Покровка айылындагы 2 объектти талкуулашты. Бул Баранов атындагы мектеп-лицейи жана энергияны үнөмдөөчү күнөскана.
Баранов атындагы мектеп-лицейинде жарык берүү, вентиляция жана жылуулукту сактоо боюнча эксперимент жүргүзүлгөн.
Адис Наталья Богатованын айтымында, буга чейин мектеп окуучулары үшүп окушса, азыр жылуу класстарда билим алышат. Ал класстарда энергияны үнөмдөөчү светильниктер орнотулган. Эми физика кабинети жана тигүүчүлүктү үйрөтүүчү класста дагы жарык.
Мындай тажрыйбаны жайылтуу зарыл. Дал ушу класстарды, үйлөрдү жылуулоо менен электр энергиясын үнөмдөй алабыз.
Кайра калыбына келүүчү энергияны колдонуу боюнча мисалдарды дагы санай берсек болот, бирок өтө көп эмес. Бирок ал тууралуу билүү баарына пайдалуу.
Бул иш-чара аркылуу эксперттер жана ага катышкандар маалыматка ээ болушту. Кандай болгон күндө дагы тажрыйбалуу адистерге кайрылуу керектигин белгилешет эксперттер. Бирок жөн гана сөз менен айтып койбостон мисалдар менен дагы көрсөтүп туруу маанилүү. Ошондо гана үй-бүлөлөрдүн бюджетин үнөмдөө мүмкүн.
Талкууга катышкандардын баары бир чечимге келишти: энергетикалык кризис фонунда жыл сайын бийлик тарабынан аракеттер көп көрүлүшү керектиги билине баштады. Алар тарифти көтөрүп гана тим болбостон энергиянын башка булактарын колдонууну өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүүсү керек.
Ирина Байрамукова