Желим идишке куюлган алманын ширеси чындап эле абдан даамдуу экен. Цехтин жетекчисинен: “чыгарган продукцияңарды кайда сатасыңар?” деп сурасам 80 пайыздан ашууну Россияга жѳнѳтүлѳт деди. Өздөрү ѳндүргѳн продукцияны кайда ѳткѳрүү маселесин чечип алышыптыр. Ушул айылдан чыккан ишкер, бир кезде ЖКда спикерлик кызматта отурган Айтибай Тагаевдин жардамы менен курулган ишкана экендигин айтышты.
Бул айылда жашагандардын кѳпчүлүгү ушул цехке жумушка орношууга аракеттенишет. Бирок цехте жыйырма бештей гана адам эмгектене алат. Анткени бүт процесс автоматташтырылган. Иштегендердин айлык маянасы да жакшы. Ар бири жумушчу ордун бекем кармашат. Жѳндѳн-жѳн тартип бузбайт, айтылган тапшырманы так аткарышат. Бул цехтин жетекчиси бир гана нерседен кыйналып жаткандыгын айтты.
Бирок Кыргызстан боюнча мындай мисал ѳтѳ эле аз. Башка айылдардан мындай мүмкүнчүлүгү бар ишкерлер чыга бербейт. Ошондуктан айыл жеринде кайра иштетүү ишканаларын куруп-ѳнүктүрүү ѳтѳ татаал. Мындай ишканалардын көбү борбор шаардын тегерегинде, областык борборлордо жана Кара-Балта, Токмок сыяктуу мурдатан ѳнѳр –жайы кичине калыптанып калган шаарларда гана анча-мынча иштеп жатат. Эмне үчүн ушундай ахыбал болууда?
Кыргызстан Эгемендүүлүктү алган алгачкы күндѳн тартып эле: “ѳлкѳ кайсы жол менен барыш керек? Экономикасынын таянаар тоосу эмнеде?”- деген суроолор коюлган. Советтер Союзунун ошол кездеги эң күчтүү академик окумуштуулары Аганбегян, Шаталин сыяктуулар бул суроого жооп издеп жатышты.
Шаталин эки жолу Кыргызстанга келип кетти. Ал келгенде семинар өткөрүп, бир нече маселени ачык айткан. “Албетте, силердин ѳлкѳнүн туризмди ѳнүктүрүүгѳ, кен-байлыктарды иштетүүгѳ мүмкүнчүлүктѳрү бар. Бирок экѳѳ тең ѳтѳ татаал. Анткени, туризмди ѳнүктүрүүгѳ инфраструктураңар жол бербейт.
Ал эми баалуу кенди чет ѳлкѳлүктѳрсүз каза албайсыздар. Чет өлкөлүктөрдүн ѳз кызыкчылыгы болот, ошондуктан эң негизги карманаар тармак кайра иштетүү ѳнѳй жайы. Себеби, талаачылыктын, бакчалыктын эң негизгиси мал чарбасынын керектүү чийки заттарын ѳзүңѳр ѳндүрѳсүңѳр. Ушул тармакка ѳзгѳчѳ кѳңүл бурушуңар керек”.
Ошол кезде келип жаткан эл аралык уюмдардын кайтарымсыз гранттарын пайдалануу дагы кѳрсѳтүлгѳн. Тилекке каршы мындай маселе кѳпчүлүк учурда кагаз жүзүндѳ гана калды. Айрым экономистердин айтымында мындай инвестиция гранттардын 70 пайызы сол чѳнтѳккѳ түшкѳн. Ишкана куруу эмес кабат-кабат тамдар курулуп, машиналар алынып келинип, кичи базарлар түптөлүп, бир топ чиновниктердин гана жеке баюусуна шарт түздү. Ошондой болсо да анча-мынча айылдарда ишканалар пайда болду.
Алар да продукциясын сатып ѳткѳрүүдѳн кыйналышып, кѳп текшерүү органдарынын курмандыгына айланышкан. Ошонун негизинде бир топ ишканалар жабылды, ал эми кээ бири эптеп-септеп иштеп келе жатат.
Ал эми ѳтѳ кооз, абдан мыкты жазылган программаларды кабыл ала берүү, эч кандай пайда бербестигин жашоо турмушубуз кѳргѳздү.
Азыр биздин мамлекетибиз ѳлкѳнүн экономикасын ѳнүктүрүү боюнча программа кабыл алган. Эмки максат ошол программаны да кагаз жүзүндѳ калтырбай ишке ашуусуна жетишүүбүз керек. Бул программада кайра иштетүү ѳнѳр жайына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулган. Анткени, Кыргызстандагы жалпы ѳнѳр жай ишканалардын 90 пайызын ушул тармак түзѳт.
Ошол эле академик Аганбегян Советтер Союзунан тараган мамлекеттерге берген кеңешинде: “Ар бир мамлекет эл аралык рыноктон ѳзүнѳ гана таандык ордун табышы керек, антпесе ѳз алдынча мамлекет катары жашап кетиши ѳтѳ кыйын”- деп айткан. Биздин мамлекет чет мамлекетке эмне продукция алып чыга алат? Албетте, биринчи кезекте айыл чарба продукциясы.
Жаныбыздагы Кытайдын рыногуна кириш ѳтѳ татаал. Борбордук Азия мамлекеттери айыл чарба продукцияларын ѳздѳрү ѳндүрѳт. Аларга мал чарба продукциясын аз-аздан ѳткѳрѳ алабыз, бирок бул маселени чечпейт. Биздин айыл чарба продукциясын ѳткѳрүү рыногубуз Россиянын Сибирь аймагы. Тилекке каршы Кыргызстандын Россия менен жалпы чек арасы жок.
Биринчи маселе: ѳлкѳнүн айыл чарба продукциялары эл аралык стандартка жооп бериши керек. Ал үчүн акыркы үлгүдѳгү техника менен жабдылган лабораторияларды куруу зарыл. Бүгүнкү күндө кѳп эле лабораториялар ишке киришип жаткандыгы, бирок алар жетишсиз экендиги айтылууда.
Экинчи маселе: Тилекке каршы биз башка ѳлкѳлѳргѳ чийки зат гана алып чыгабыз. Нобель сыйлыгынын лауреаты, либералдык экономиканын авторлорунун бири американын атактуу окумуштуусу Леонтьев айыл-чарба продукцияларын кайра иштетип рыноккко алып чыкканда тѳрт эсе пайда алып келээрин эсептеп берген. Биз ошол алма-ѳрүктүн ѳзүн алып чыкпастан, жок дегенде шире жасап чыгарсак эки-үч эсе пайда кѳрмѳкпүз. Ушундай мүмкүнчүлүктү биздин ишкерлер кандай пайдаланат деген маселе жатат. Албетте аларга ар кандай тоскоолдуктарды, текшерүүлөрдү алып салуу керек.
Мисалы, Чүй облусундагы фермерлердин бири Алымбек Жекишев сүттү кайра иштетүү үчүн кичинекей цех ачкан. Ал бир топ акча коротуп ар кайсы жактан агрегаттарды алып келип каймак, быштак, айран чыгарууну пландаган.
Мисалы, бир жолу ага ѳрт ѳчүрүүчүлѳр мекемесинен текшерүү келип, коопсуздук сакталбаганын айтып, кемчилик оңолбосо чоң айып пул салынаарын айтып кетишкен. Ушул сыяктуу текшерүүдөн далай акча коротуп, кемчилик оңолду. Бирок, кемчиликтерди канчалык оңдосо да башка текшерүүлѳр кѳп болуп, тажатып, нормалдуу иштегенге мүмкүнчүлүк берген эмес. Алымбек кѳздѳгѳн максаты ишке ашуусу ѳтѳ татаал экенин билди.
Бул мисал эмнени кѳрсѳтүп жатат? Биринчи кезекте айылда, алыскы аймактарда майда ишкана ачам дегендерге тоскоолдук кылбай, жардам кѳрсѳтүү зарыл. Ошондо гана бул тармак чоң жана орто калааларда гана эмес алыскы айылдарда да жандана алат.
Бажы биримдиги кѳп тоскоолдуктарга карабай бул тармактын ѳсүп-ѳнүгүшүнѳ кеңири жол ачты. Айрым экономистердин изилдѳѳсүнѳ караганда кайра иштетүү тармагын жок дегенде үч эсе кѳтѳрсѳ болот. Бирок бул ѳзүнѳн ѳзү ишке аша койчу нерсе эмес. Четинен санап кѳрсѳк канчалаган проблемалар бар. Алардын эң негизги проблемаларынын бири баштапкы капитал маселеси.
Коммерциялык банктардан алуу бир топ опурталдуу. Анткени, алардын үстөк пайызы абдан чоң жана шарттары оор. Туура, кээ бир учурда жеңилдетилген кредиттер берилет. Бирок алардын кѳлѳмү ишкана ачуу үчүн кредит алууну каалаган айылдыктардын он пайызын да камсыз кыла албайт. Демек бул жерде ойлоно турган маселе абдан көп.
Бажы биримдигинин оң-тетири жактары бар экендиги айтылып келе жатат. Мисалы, ошол ѳлкѳлѳрдүн товарлары биздин мамлекетке да кирүүгѳ мүмкүнчүлүгү бар. Ошондо: “атаандаштыкка туруштук бере албай биздин анча чоң эмес ишканалар банкрот болуу коркунучуна келбейби?”- деген суроо коюлууда. Демек биримдик ачкан мүмкүнчүлүктү пайдалануу тоскоолдугу жок даңгыраган жол десек анда жаңылышкан болобуз.
Кыргызстанда ѳнѳр жайдын баардык түрлѳрүн ѳнүктүрүп жиберүү мүмкүн эмес, анын зарылдыгы да жок. Бизде проблемаларды биргелешип чечип, ѳстүрүүчү тармак албетте кайра иштетүү. Ага жолтоо болгон факторлорду дагы бир жолу санайлы.
–Баштапкы акча каражатынын жетишсиздиги;
–Жогорку деңгээлдеги профессионал адистердин аздыгы;
–Рынокко, ѳзгѳчѳ сырткы рынокко эмне товар керек экендигине жооп берген так мониторингдин жоктугу;
Албетте, мындан сырткары башка тоскоолдуктар деле жетиштүү. Ошондуктан ѳлкѳ экономикасы үчүн негизги тармак болгон кайра иштетүү ѳнѳр жайын жакшы жолго салсак гана мамлекетибиздин чыныгы кѳз карандысыздыгын камсыз кыла алабыз. Башка жолубуз жок.
Олжобай ТОКТОСУНОВ