Атамекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөрүн колдоо максатында кайра иштетүүчүлөр үчүн пайдадан алынган салыкка жана КНСке берилген жеңилдиктер 2018-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
Андан тышкары бизнести жүргүзүү жана инвестициялык климаттын шарттарын жакшыртуу максатында Өкмөт тарабынан бир катар чаралар кабыл алынды. Салык жана инвестициялык саясат жаатында төмөнкү чаралар кабыл алынды:
— акциздик маркаларды контролдоо багытында депозиттик төлөм механизми киргизилди;
— лизингдик компаниялар КНСтен, сатуудан алынуучу салыктан бошотулду, пайдадан алынган салыктан 5%га жеңилдик алышты;
— мектептик билим берүүчү менчик уюмдар КНСтен жана пайдадан алынган салыктан бошотулду;
— тамекинин акциздик салыгы 2022-жылга чейин көбөйтүлдү;
— Кыргыз Республикасынын аймагына данды жана унду ташып киргизүүнү / сатууну КНСтен бошотуу алынып салынды;
— салыктык процедураларды фискалдаштыруунун электрондук системасы иштегени турат;
— Инвестицияларды жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиктин статусу жогорулатылды.
— 10 жылдын аралыгында инвесторго эң ыңгайлуу салык режимин тандоо укугун берүүчү Стабилдештирүү режимин колдонуу жөнүндө жобо бекитилди.