Кыргызстандын Катардагы элчиси Нурлан Ниязалиев Доха шаарында «Небрас Пауэр» энергетикалык компаниясынын директорлор Кеңешинин төрагасы жана аталган компаниянын башкы аткаруучу директору менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда кыргыз-катар кызматташуусун эки мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттарда кеңейтүү маселелери каралды.
Ниязалиев анын ичинде республиканын суу энергетикалык потенциалы жана бул тармактагы келечектүү долбоорлорду белгиледи.
Ошондой эле «Небрас Пауэр» компаниясына биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы тыгыз аракеттешүүнү сунуштады.