• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Каржылык операцияларды көзөмөлдөө күчөтүлөт

1017345373

👁 1,666

Мамлекеттик органдар жакында өлкөдөгү акчалардын агымын көзөмөлдөөнү күчөтөт.

Эл аралык уюмдардын талабына ылайык, учурдагы мыйзамдарды өзгөртүүчү бир катар жаңы мыйзамдар кабыл алынат.

Бул террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен келген кирешелерди легалдаштырууга тиешелүү болот. Үстүбүздөгү жылдын 5-майында Жогорку Кеңеш 2 мыйзам долбоорун – «Каршы аракеттер…» тууралуу жаңы мыйзам жана ишкерлик тармагын жөнгө салуучу башка көптөгөн мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун каттоодон өткөргөн.

Өкмөт ЖКдан бул мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүү тууралуу расмий түрдө кайрылуу жасаган. Мындай шашуунун себеби эл аралык уюмдар, өзгөчө терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен келген каражаттарды мыйзамдаштырууга каршы Евразиялык топ тарабынан кысым болуп жатат. Бул уюм FATF (баардык мамлекеттердеги каржылык стандарттарды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн эл аралык биримдик) системасына кирет жана ага кирген өлкөлөрдө FATF стандарттары сакталып жатабы же жокпу деп текшерүү жүргүзүп турат.

Бул кысымга Кыргыз Республикасы көз жумуп кое албайт, себеби анын каржылоо системасы толугу менен FATF стандарттарын аныктаган мамлекеттер тарабынан – эң биринчиден, АКШ жана Евробиримдиктин өнүккөн өлкөлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

Бизнес жаңы мыйзамдардан эмнени күтсө болот?

Биринчиден, мамлекеттин кызыкчылыгында каржылык чалгындоо органдарындагы операциялар боюнча өз кардарларын көзөмөлдөгөндөрдүн саны көбөйөт. Тактап айтканда, көзөмөлгө кардарларынын келишимдерин жүргүзгөн көз карандысыз юристтер жана юридикалык фирмалар туш болот. Алардын баары Мамлекеттик чалгындоо кызматында каттоого туруп, кардарларына көзөмөл жүргүзүү боюнча эрежелерди иштеп чыгуу керек. Финансылык чалгындоо кызматынын көзөмөлүнө мамлекеттик жана жеке нотариустар туш болот.

Зер буюмдар менен иштеген жарандар жана уюмдар дагы кирет. Бул демек, зергерчилик менен алектенген адамдар, зер буюмдарды саткан, сатып алган дүкөндөр баары текшерүү эрежелерин иштеп чыгып, аны Мамлекеттик чалгындоо кызматы менен макулдашып, андан кийин гана ким менен иштешсе баарын көзөмөлгө алып башташат.

Көзөмөлдөөгө туш болгон уюмдардын баары кардарларынын операцияларын анализдеп, күмөн жараткандар тууралуу Мамлекеттик чалгындоо кызматына билдириши керек. Тизмеге киргендердин саны көп.

Эл аралык талаптарга жооп катары биздин өлкөдө катталган компаниялардын бенециардык ээлери тууралуу база түзүлөт.

Учурда Юстиция министрлигинде жүргүзүп жаткан юридикалык жактарда үлүшү бар ээлер боюнча тизме бар деп ишенели. Бирок тизмеге кирген адам башка бирөөнүн пайдасына иштеп берген адам эмеспи жокпу кантип аныктоо керектиги жазылган эмес. Аны менен катар эле бул тизме криминалдардын же чет элдик чалгынчылардын колуна түшүп калабы же жокпу аныктоо үчүн кандай чаралар жүргүзүлөрү белгисиз.

Жаңы мыйзамга ылайык. Мамлекетте коммерциялык эмес уюмдарды көзөмөлдөө кошумча механизми пайда болот. Коммерциялык эмес уюмдардын жана БӨУлардын терроризмди каржылабай эле экендиги боюнча регулярдуу түрдө текшерүү жүргүзүп, коркунуч көп жараткан БӨУларды бөлүп кароо керек.

Терроризмди жана экстремизмди каржылоого тиешеси бар адамдар боюнча санкция тизмесин түзүү сунушталууда. Ошондо мындай жактарды каржылоо мүмкүн болбой калат.

Сунушталган долбоорго ылайык, өкмөт коркунуч көп жараткан мамлекеттердин жана аймактардын тизмесин бекитет. Натыйжада бул мамлекеттердин жарандары жана компаниялары менен баардык каржылык операцияларды жүргүзүү же мүмкүн болбой калат же чектөөгө туш болот.

Жаңы мыйзамга ылайык, каржылык операцияларга катыштыгы бар адамдарга карата айыпсыздык презумпциясы дагы жоюлат. Укук коргоо органдары (анын ичинде ИИМдин райондук бөлүмдөрү) бир адам каражатты мыйзамсыз алып жатканы тууралуу маалымат бергени эле бул адамдын өзгөчө тизмесине кирүүсүнө себеп болот дагы, анын баардык каражаттары жана активдери дароо тоңдурулат. Мындай чаралар рейдерликке жол бербейби убакыт көрсөтөт.

Жаңы мыйзамга ылайык, каржылык чалгындоо бизнеси көзөмөлгө туш болгон каалаган кардардан маалымат суроого акылуу. Маалыматтар кыска мөөнөттө берилиши керек.

Мыйзам долбоорундагы кошумча документтер (аларды Жогорку Кеңештин сайтындагы “мыйзам долбоорлору” бөлүмүнөн окуп алсаңыз болот) дайыма текшерилип жатат, себеби мындай олуттуу мыйзамды кабыл алуу керек. Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын Конституциясында биздин өлкө көз карандысыз экендиги боюнча жобо бар болгону менен каржылык операцияларда Кыргызстан көз каранды эмес. Эгерде биздин банктар эл аралык каржылык эсеп системалары менен байланышта болуп, төлөмдөрдү доллар, евро жана башка дүйнөлүк валюта менен жүргүзгүсү келсе, демек, биздин өлкө эл аралык уюмдардын талаптарына баш ийүүсү керек.

Бирок каржылык көзөмөл стандарттарын иштеп чыккан өлкөлөрдүн өзү аны дайыма эле сактай бербегени күлкүлүү. Мисалы, АКШда азыркыга чейин анонимдүү компанияларды түзүү практикасы жайылган, ал эми айрым шарттарда жашыруун трасттарды ачууга мүмкүн. Ал эми салык төлөбөгөн, башкача айтканда, анонимдүү компаниялар Канадада жана Улуу Британияда бар. Бүткүл дүйнөнү офшорлор менен күрөшүүгө чакырганы менен АКШ, Улуу Британия, Канада жана башка дүйнөдө лидер болгон мамлекеттер өз мыйзамдарында мындай компанияларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берип келишет.

Күчтүү өлкөлөр алсыз мамлекеттер менен эл аралык капиталды тартуу жана активдерди башкаруу боюнча атаандашып келишет. Тилекке каршы, дүйнө ушундай куралган жана биз буга каршы эч нерсе кыла албайбыз.

Ал эми жогоруда аталган мыйзам долбоорлорун тез кабыл алуу керек болгондуктан Жогорку Кеңеш аны жазгы сессияда карары күтүлүүдө. ЭКОНОМИКА болсо бул маселеге көз салып турмакчы.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости