• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Каржы министрлиги программалык бирдиктүү казыналык эсепке, жергиликтүү бюджеттерге онлайн курстарды киргизүү сунушталууда

img_5979_kopiya

👁 797

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору 2018-жылы жаңы 4 дистанттык онлайн курсту киргизүүнү пландаштырып жатат.

Бул онлайн курстар программалык бюджеттештирүү, дем берүүчү гранттарды алууга долбоорлорду даярдоо, Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби, жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу сыяктуу багыттарды камтыйт.

Ушул тапта кошумча 4 онлайн курстарды кыргыз жана орус тилдеринде Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте иштеп чыгуу боюнча иш жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, бул курстардан тышкары, бүгүнкү күндө Окуу борборунун Билим берүү порталында мамлекеттик сатып алуулар боюнча 4 дистанттык онлайн курс киргизилип, алар ийгиликтүү иштеп жатат.

Ошондой эле, Окуу борбору тарабынан 2018-жылдын 1-апрелинен тартып тестирлөөнүн жана сертификаттарды генерациялоонун жаңы электрондук системасы менен кошо бирдиктүү маалыматтык системасы киргизилген.

«Биздин курстарыбыз аяктаганда угуучулар сертификаттарды алууга тест тапшырышат. Курстардын угуучусу белгилүү бир жол-жоболордон өтүү менен тийиштүү баллдарды топтоп, тестти тапшыргандан кийин, ал автоматтык түрдө белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин экрандан өз сертификатын ала алат. Андан соң бул генерацияланган сертификатты каалаган убакта каалаган маалыматты топтоочу каражаттан кагазга басып чыгарууга болот. Жүргүзүлгөн тестирлөөнүн бардык жыйынтыктары Окуу борборунун Маалыматтар базасында сакталат», – деп белгиледи Окуу борборунун окуу иштери боюнча бөлүм башчысы Эрке Турдумамбетова.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости